Menu

Ноокат районунун акими Республикалык Куран жарышынан 3-орунду алган Махмуджан кызы Мабруланы ардак грамота менен сыйлады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-мартта Ноокат районунун акими Бекболот Айтиев Куранды жатка окуу боюнча Республикалык мелдештин жеңүүчүсү Ноокат районуна караштуу Гүлистан айыл өкмөтүндөгү “Атаназар кары” медресесинин кыз-келиндер бөлүмүнүн окуучусу  Махмуджан кызы Мабруланы Республикалык Куран жарышында  3-орунду алгандыгы үчүн Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы менен сыйлады. Бул тууралуу маалыматты Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган сыйлыкты бүгүн райондун акими Бекболот Айтиев медресе окуучулары менен жолугушуу учурунда тапшырып, окуучулардын алдыдагы окууларына ийгилик каалады. Махмуджан кызы Мабрула 19-мартта Ош  облусунда өткөн 30 пара Куранды жатка билүү боюнча Куран жарыш конкурсунда 1-орунду, 25-мартта Бишкек шаарында балдар-кыздар арасында аралаш өткөн Респулбикалык Куран жарыш мелдешинде 3-орунду камсыз кылып, 55 000 (элүү беш миң) сом акчалай сыйлык менен сыйланган.

Эскерте кетсек,  Республикалык Куран жарыш сынагында 1-2-орунду эркек балдар алса, ал эми 3-орунду Кыргызстан боюнча кыздардын атынан Махмуджан кызы Мабрула 30 парани жатка билип, тажвид менен мыкты окугандыгы үчүн жеңүүчү болуп табылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: