Menu

Садыр Жапаровдун тарапташтары Ала-Тоо аянтын ээлеп алышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-октябрда Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов, жана алардын тарапташтары Ала-Тоо аянтына чогулуп, митинг өткөрүп жаткан кезде, эски аянтка чогулган Садыр Жапаровдун колдоочулары борбордук аянтка келишкен.

Ала-Тоо аянтында башаламандык орноп, тараптар бири-бирине таш, бөтөлкө ыргытышты. Травматикалык куралдын үнү угулду. Атамбаевдин жана Бабановдун тарапташтары ак үйдү көздөй бет алып кетишкени белгилүү болду. Ал эми Атамбаев, Бабанов жана башка саясатчылар кайсы жакты көздөй кетишкени белгисиз, алар аянттан кетип да калышы ыктымал.

Ал ортодо Садыр Жапаровдун тарапташтары тез арада трибунаны ээлеп, “Садыр! Садыр!” деп кыйкырып турушат.

Бүгүн Бишкекте ар кандай саясий күчтөрдүн митингдери өтүп жатат. Буга чейин эски аянтта Садыр Жапаровдун тарапкерлери митинг өткөрүшкөн, министрлер кабинетинин башчылыгына көрсөтүлүп жаткан Өмүрбек Бабанов жана экс-президент Алмазбек Атамбаев, алардын тарапташтары Ала-Тоо аянтына “Форумдун” имаратынан бери жөө келишти.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарына өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча жарлыкка кол койду. Буга ылайык, борбордо ӨА режими 21-октябрга чейин болот. Бишкек шаарынын коменданты болуп Алмазбек Орозалиев дайындалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: