Жергиликтүү кеңештерге 27-мартта өткөрүлгөн шайлоо жүрүшү тууралуу “Ата Журт” партиясынын мүчөсү Медербек Сатыев пикирин билдирди.
– Биздеги шайлоонун деңгээли кандай болмок эле. Акыйкаттыктын карааны да көрүнбөдү. Мыйзамсыздык орноду. Добуш сатып алып аткандарды кармап атышты. Кармаган эч нерсе эмес, эми бул иш аягына чыгабы, добуш сатып алгандар тиешелүү жазасын алышабы, кеп ошондо. Бул сапар жазасын алышса, келерки шайлоолорго алып барчу жолду бир топ тазалаган болоор элек. Бир нерсени айтайын, Манас-Ата шайлоо аймагында “ата-журчуларды” колдогондор көп. Илгертен бул аймак “ата-журчулардыкы” болуп келатат. Бирок, ушул 3 миң 52 шайлоочусу бар аймактан “Ата Журт” партиясы болгону 160 добуш топтоду. Буга ким ишенет? Эл нааразы болуп, “биз “Ата Журтту” колдогон элек” деп атышат.
Булак: “Майдан. kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ