Menu

Мамбетжунус Абылов: “Бекназаров ким, Текебаев ким?… Сариев Үңкүр-Тоону өзбектердин жери дегендиги үчүн жоопко тартылыш керек”

Бөлүшүү:

Акыркы күндөрү бийлик “юпигейт” оорусуна кайра чалдыгып, кантип жазылганы белгисиз аудиожазыламарды элге таратып, опозицияны бийлик эңсеген эл душманы катары көрсөтүүдө. Бул аудиожазмалар боюнча кээ бир инсандар бүгүн тергөөдө сурак берип жатышат. Суракка келгендерге Б.Асанов менен К.Кадыровдун, биздин артыбызда  Ө.Текебаев турат деп айткан аудиожазмасын тергөөчүлөр угузуп жатыптыр деген сөз бүгүн элге тарады. Карга карганын көзүн чукубайт болуп, бул  аудиожазманы элге толук угузгандын ордуна бүгүн бийлик Текебаедин бул кылыгын  А.Бекназаровго жуктоого далалат кылып жатат, өзүнүн каражащиктеринен Бекназаровду эле кайра, кайра элге жамандатып каралоодо. Б.Асанов менен К.Кадыров өткөргөн жыйындардынын бирөөнө да А. Бекназаров катышпаганына карабай, андан сырткары, К.Кадыров «биз А.Бекназаровду кошпошубуз керек» деп аудиожазмада так айтып жатса да, бийликтин каражащиктери Бекназаровдун  сүрөтүн Асанов менен Кадыровдун катарына  илип алып, мунун башында А. Бекназаров турат деген пикирди элге таңуулап жатат. Ошондуктан бул «юпигейтин» артында  Атамбаевдин эле өзү турганы байкалып калды. Буга Асанов менен Кадыровдун биздин  артыбызда Текебаев турат деген аудиожазмадагы сөздөрү, бийликтин каражащиктеринин Бекназаровду тынбай каралап жаткандары так күбө боло алышат.
Эмне үчүн бийлик бүгүн Ө.Текебаевди калкалап,
анын ордуна А.Бекназаровду радио телевидение  аркалуу кайра, кайра каралатып жатат? Анын жүйөөлүү себеби бар. Бийлик кулатканга бизде Бекназаров эле жарайт деген элде ишенич бар. Бекназаров жетектеген «Эл үнү» коомдук саясый кыймылы акыркы учурда өз  ишин кичине эле жандантып койсо, бийликтин жүрөгү болкулдап, Бекназаровду жамандоого, каралоого өттү. Текебаевден бийлик коркпойт, себеби анын мойнуна  морадер деген ишти илип, бирок сотко жеткирбей  токтотуп койгон. Текебаев бийликке кичине эле каршы сүйлөсө, мородерлук боюнча анын иши ошол эле күнү сотко өтөт.
Эмне үчүн бүгүн бийлик Бекназаровду катуу каралап жатат?
Анын себеби билип коюңуздар. Бекназаров бүгүн өкмөт башчыбыз Т.Сариевдин кыргыздын Аксы жергесинде жайгашкан Үңкүр-Тоону “Өзбекстандын территориясы” деп кол койгон документтин кармап алып, ким жана качан Үңкүр-Тоону өзбектерге берип салганын тактоо боюнча эл менен ачык айкын иш кылып жатат. Үңкүр-Тоо Кокон доорунда да, Совет доорунда да, биздин бүгүнкү доордо да кыргыздын эле жери болгон. Ошондуктан Сариевдин Үңкүр-Тоону өзбектердин жери деп атоого укугу да, негизи да жок жана ушул кылыгы үчүн ал жоопко тартылыш керек.
Үңкүр-Тоону өзбектерге бийликтен башка эч ким бере алмак эмес. Ошондуктан А. Бекназаровдун Үңкүр-Тоо боюнча жасап жаткан иши, бийликтин былыгын ачуу менен эле барабар. Акаев Үзөңгү-Кууштун айынан өлкөбүздөн качып кетүүгө мажбур болгондой, эгер А.Бекназаров токтоп калбаса, эртеби, кечпи бүгүнкү бийлик да акаевдин кейпин кийгени турат. Ошондуктан бийлик бүгүн Ө.Текебаевдин тымызын элди козутуп жатканын А.Бекназаровго жүктөөгө аракет кылып, элге жасалма аудиожазмаларды угузуп, Бекназаровду камоону эңсеп жатат.
Буга биз жол бербейли, Урматтуу боордоштор, Бекназаров бүгүн бийликтин чекесине чыккан чыйканга кайра айланды. Үңкүр-Тоо өзбектерге өтүп кетпесин деген инсандар, Бекназаровду катуу колдойлу жана аны коргоону да унутпайлы.  Себеби ыйык жерин сактабаган бийликтен баарын күтсө болот.
Кыргызстандын партиот күчтөрүнүн координациялык кеңешинин мүчөсү  М.Абылов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: