Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова кечээ Сокулук районунун Новопавловка айылында каза болгондорго жай 25 миң сомдон сатылып жатканын айтып чыкты. Жакында эле Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарак кулап, жолдон өтүп бараткан авто унааны басып калып, айдоочу ошол жерден эле жан берген окуя катталган. Каза болгон айдоочу Ак-Өргө конушунун тургуну болгон. Мусабекова ошол айдоочунун сөөгүн коюуга жер табылбай кыйынчылык жаралганына токтолду. Новопавловка айылында каза болгондорго жай 25 миң сомдон сатылып жаткандыгын, бул мүрзө убагында 2000-жылдары Ак-Өргө,Ак-Ордо жана Ала-Тоо жана Сокулук эли үчүн бөлүнгөндүгүн, ал кезде жай 3000 миң сом болгондугун кошумчалады. Азыр 25 миң сом акча таппай калсаң, сөөктү жерге бере албай калган кез тура.
Булак: “Жаңы ОРДО”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ