«Мен өкмөт «банкрот» болду деп айткам. Чынында эле Сапар Исаковдун «40 кадамы» артка кетти. «Лигласс», «Хуавей» деген компаниялар өкмөттүн аброюна шек келтирди. Сапар Исаков кадр маселеси менен гана алектенип туруп алды. Анан мен ушул нерселердин баардыгын айтсам, Сапар Исаков жаш кеңешчи кызы аркылуу мени «популист» деп атат. Эгер Сапар Исаков айта турган сөзү болсо, өзү жооп бербейби. Түз эфирге дебатка чакырсын, баардыгын тастыктап берем. Жаш кыздын артына жашынганы Сапар Исаковго аброй алып келбейт, – деди Курманкул Зулушев.
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ