Кербен шаарынын жашоочусу, коомдук активист Камчыбек уулу Шекербекти элдин муктаждыгын айтканы үчүн бийлик тараптан кысымга алып жатканы маалым болду. Шекербек кысым болуп жатканын, “Кагат” каймана аты бар Алмаз деген келип “өлөсүң, жок болуп кетесиң”,-деп коркутканын, муну райондун акими Медетбек Айдаралиев, райондук милициянын мачальниги М. Добулбековдун кылган иши деп билерин, “Кагаттын” кишилеринин арасында милиция кызматкерлери да жарандык форма кийип жүргөнүн “Fakt.kg” маалымат сайтына ачыктаган. Ал “кылмышкерлер менен милициялар чогуу жүрушөт. Бийлик мына ушуга чейин барып атат” деген. Кызыл формачандарга карата күнөө айтылып жаткан соң, ИИМ министр райондук милиция начальнигин суракка алып койсо ашыкча болбойт.
Булак: “Жаңы ОРДО”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ