Menu

Равшан Жээнебеков, экс-депутат: “Дастан Сарыгуловдун айткандарына терикпеймин деле”

Бөлүшүү:

-Равшан мырза, жердеш агаңыз Дастан Сарыгуловдун видеодогу сөздөрүн уктуңуз да. Аксакал айткандай, чын эле Таласта сизди колдоого алчу электоратыңыз жокпу? Кезегинде мамлекеттик мүлк фондусун башкарып турганыңызда өлкөбүздөгү бала- бакчаларды кантип «пайдаланганыңыздан» өйдө айтты. 70 жашка таяган аксакалдын кебине айтаар жообуңуз барбы?

-Эми айтса айткан чыгаар. Мага карата ошондой ойду айтса, ал өзүнүн жеке пикири. Мүмкүн туура, балким туура эместир. Мен ал кишинин антип айткандарына терикпейм деле. Саясатчылар дайыма сүйлөгөндө өздөрүн абдан жогору коюшуп, башка бирөөлөрдүн ролун, маанисин, саясаттагы ордун төмөндөткөнгө аракет кылышат. Бул жалпы саясатчылардын жаратылышына туура келген көрүнүштөр. Мен

ойлойм, бул кептерге кандайдыр бир деңгээлде көңүл бурбашыбыз керек. Мен так би­лем, Дастан байкемдин мага карата жаман айтайын деген деле оюу жок. Айрымдар кээде туруп-туруп бирдемелерди сүйлөп коюшат го. Бул деле ошондой эле көз караш. Ал кишинин мага карата мамилеси жалпысынан жакшы экендигин да билем.

-Оппозициядагы айрым тилектештериңиз сизди Аксыдагы чек ара жаңжалы жүз берген аймакка барып, нааразычылык митингин өткөрүшкөндө аларга каршы пикир айткан жүрүшүңүздү катуу сындап, тар чөйрөдө таарынгандай түр жаратып жатышыптыр го…

-Ар бир саясатчынын өз көз караштары барда. Эгерде кайсы бир саясатчы кандайдыр бир иш жасагысы келсе же ми­тинг өткөрүүнү кааласа, алардын көз караштары менен мен

макул болушум дагы мүмкүн, макул болбошум дагы мүмкүн. Ошондуктан, мен деле өз көз карашымды айттым. Ал пикир бирөөнө жагышы мүмкүн, айрымдарга жакпашы да мүмкүн. Өзгөчө Кыргызстандагы азыркы саясый, социалдык, экономикалык оор абал пайда болуп турганда, биз баары бир кандайдыр бир чектен чыккан нерселерден абайлашыбыз ке­рек. Бийликти жаман көргөнбүз, бийликти сындаганыбыз бизди кандайдыр бир радикалдуу кадамдарга алып барбашы зарыл.

-Оппозициянын соңку кадамдарынан кийин эл булардан түңүлүп, жүз үйрүп ка- лышпадыбы? Айрым лидерлер оппозицияны биротоло тамам кылып, коомчулукка жек көрсөтүп салышты. Айтыңызчы, мындан ары биздин «оппозиционер сымалдарга» эл ишенишеби?

-Мен бир нерсени так билем! Кыргызстандын тарыхында бүгүнкүдөй болуп аткан оппозициялык саясатчыларды, журналисттерди жамандап, аларды чет элдин агенти катары жек көрсөтүү, маселен, мени АКШнын агенти катары, Азимбек Бекназаров менен Эрнест Карыбековду Өзбекстандын агенти катары көрсөткүлөрү келип атышат. Бул буга чейинки биздин тарыхыбызда аябагандай көп болгон. Мындай кадамдардын жыйынтыгы бийликке эч убакта чоң авторитет алып келбейт. Бийликтин азыркы күндөгү курч көйгөйлөрүн чечпейт. Мен бүгун так билем, бийликте аябай чоң көйгөйлөр бар. Бир эле со­циалдык, экономикалык абалды алалычы? Бир аз кундөн ки­йин бийликтин оппозицияны жамандаган шылтоосу бүтүп, ресурсу түгөнөт. Социалдык, экономикалык абал, мамлекетте чече турган көйгөйлөр көп. Элибиз кайра эле ошол маселелерге көңүл бурушка туура келет дагы, оппозицияны бүгүнкүдөй жамандаган нерселер унутула баштайт. Бийликте кыйынчылыктар мындан дагы көбөйөт. Оппозицияны жаманатты кылган менен оппозиция жок болуп кетпейт. Бийликти колдобогондор да жок болуп кетпейт. Тескерисинче, оппозициялык саясатчыларды андан дагы күчтүү, мындан дагы активдүү күрөшкөнгө азыркы бийлик түрткү берип атат.

таңыз, экс-чиновник Бабырбек Жээнбеков азыр кайда? Эмне иштер менен алагды болууда? Же саясаттан би­ротоло тыныгуу алып, калган өмүрүн неберелери менен өткөрүүнүсамап жатабы?

-Атам азыр өзүнүн адвокаттык жеке иштери жана үйүндөгү чарбачылык тиричилиги ме­нен алектенип жүрөт. Мен ой­лойм, атам саясаттан азырынча кетпейт деле болуш керек. Саясатка бир кирген адам оңой менен кете албайт эмеспи.

Калыгул Бейшекеев

Булак: “АЗИЯnews

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: