Menu

СДПКчы Тилектеш Исаев БОМЖбу?

Бөлүшүү:

ММКларга ЖКнын 6-чакырылышындагы үй-жайы жок, кызматтык квартирада жашаган депутаттардын тизмесин жарыяланды. Арасында КСДПдан де­путат болгон Тилектеш Исаев дагы жүрөт. Аны көргөндө таң калып, жакабызды кармадык. Анткени бул жигит “Газпромнефть-Аэро-Кыргызстан”, “Асур”, “Интек” компанияларанын башчысы болуп, кара май сатуунун каймагын калпып алып жургөнү баарыбызга маалым. Айталы, 2012- жылы “Газпромнефть Азия” менен “Электр станциялары” ААКсынын ортосундагы келишимге ылайык, Тилектеш Исаевдин “Асур” компаниясы 470 млн. долларга мазут ташууну жалгыз ээлеп алса, анысы аз келгенсип, тоннасын 206 доллардан “Газпромдон” алган бул жеке компания аны мамлекеттик ишканага а дегенде 450, андан кийин 423 доллардан сатып, ортодон оңой эмес акча жасаганын Эсеп палатасы таап чыкканын уккан жайыбыз бар эле. Бирок, бул иштер бийликтеги айрым май бизнесине таасири бар адамдардын аркасы менен жабылып калганбы, ың-жыңсыз болду. Ал эми миллиондорду тегереткен Тилектеш мырза болсо депутат болуп, уялбай кызматтык квартирада жашап жатат. Атайын, көз боемочулук жасап “БОМЖ” көрүнүп…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: