Украина чыгышында орусиячыл жикчилер менен уруш 2014-жылдын апрелинен бери он миңге жакын адамдын өмүрүн алып кеткенин, алардын 2700дөн ашууну украин аскер кызматкерлери экенин бүгүн президент Петр Порошенко Вашингтондо билдирди.
Анын айтуусунда, Донбасста курман болгондордун саны АКШнын Ооганстандагы 15 жылдагы аскерий жоготууларынан да ашып кетти. УНИАН агенттигинин кабарлашынча, Порошенко мындан сырткары эки миллионго жакын адам бул уруштун айынан өз үй, өлөң төшөгүнөн айрылып, өлкө аймагынын жети пайыздайы баскынчылардын колунда калганын ырастады.
Булак: “Эл деми”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ