31-мартта Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Кара-Суу районундагы “Курманжан-Датка кыздар медресесиндеги иш аракеттер менен таанышты. Аталган иш-чарага казыяттын кызматкерлери жана медресе мүдүрү Балтабаев Сайпидин катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө медреседеги окуу программасы жана окуучуларга түзүлгөн шарттар текшерилди. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.
Жыйынтыгында медреседе кошумча светтик кыргыз тили, адабия, тарых, орус тили сабактары жана тикмечилик менен ашпозчулукка үйрөтүү багыты жолго коюлгандыгы жогорку баага татыды. Окуучулар сабактан сырткаркы бош мезгилдеринде кондитердик азыктарды даярдоону жана кийимдердин моделдик түрлөрүн тигүүнү үйрөнүшөөрү белгилүү болду. Мындай жыйынтыкка ыраазы болгон облус казысы медресени дайыма үлгүлүү окуу жай катары сактап өнүктүрүү тапшырмасын берди.
Эскерте кетсек, “Курманжан-Датка” кыздар медресесине диний илим алууга кызыккадар үчүн сырттан келип, күнүнө 2 сааттан сабак алып кетүүгө шарттар түзүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ