Menu

“Дайынсыз” кеткен депутат Азиз Турсунбаевге шайлоочулары “ысык салам” жиберишет

Бөлүшүү:

“Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген Азиз Турсунбаевге шайлоочулар “дубай кат” жолдоо камылгасын көрүшүүдө. Шайлоо алдында элдин көйгөлүү маселесинен кармап, чечип берүүгө кош кабат убада берген эл өкүлүнүн дайынсыз кеткенине шайлоочулары нааразы болуп атышат.

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы Сафед-Булан айылынын элинин дээрлик 80%ы  парламенттик шайлоодо Азиз Турсунбаевге добуш бергенин айтышат. Ал кездеги талапкер жергиликтүү элге келип, айылдын башкы маселеси – суугат көйгөйүн чечип берүүнү убадалаган.

Бул айылда жаздан күзгө чейин бардык тургундарынын көңүлүн өйүгөн бир гана маселе бар. Талаа иштерине керектелчү суу жакынкы Ак-Там айылынан агып келет. Бирок, ал айылдан  талаа күйүп аткан мезгилде коңшу айылга суу артпай калат. Парламенттик шайлоо алдында суу маселеси кабыргасынан коюлуп, “шайланат элем” деп келген талапкер Азиз Турсунбаевге айтылган. Талапкер анда жергиликтүү элди ишендирип, депутат болоору менен бул маселеге катуу көңүл буруп, кийинки талаа иштери башталганга чейин чечип бере турганын белгилеген.

Бирок, андан бери беш айдан ашуун убакыт өттү. Шайлоодон кийин депутаттын караанына зар болгон эл, талаа иштеринин башталып калганын, бирок суугат маселеси дагы деле ошол бойдон турганын айтып кейишүүдө. Арадан адам салып, депутатка унуткан убадасын эстеткен эл жарытылуу жооп ала алышкан эмес.

Эми чыдамы түгөнгөн жергиликтүү эл кол топтоп, депутат Азиз Турсунбаевге болгон ишенимдерин артка алуунун жолун ойлонуштурушууда. Убадасында турбаган эл өкүлүнүн кереги жок дешет жергиликтүү калк.

Булак: “Майдан.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: