Menu

Бүгүнкү бийликтин жүзү Каныбек Туманбаевдин «тумоосундай» эмес

Бөлүшүү:

Апрель айында саясый толкундоолор болорун жашыра албайбыз. Бабановдун коңгуроо кагып, «келем» дегени, Текебаев, Чотонов жана Жапаровдун 23-апрелге белгиленген митинги, Атамбаевдин күтүүсүздөн элди көтөрүүгө шымаланганы, ошого катар өкмөт менен парламенттин элге жек көрүнгөнү, айтор, кризистик жагдайлар өзүнөн-өзү эле жаралууда.

Мейли, Бабанов келсин, андан эмне өзгөрөт? Бийлик альтернативалуу күчтөрдү тартсын, тең салмактуулук катары кырдаалды жайгарса болот. Текебаев, Чотонов жана Жапаровду 23-апрелге чейин түрмөдөн чыгарып салсын, алардын митинги жокко чыгат. «Соттолгон» таризде чыгышса да, алар митинг кылышпайт, кийин актыгы үчүн күрөшүп алышат. Эң татаал Атамбаевдин саясый позициясы болууда. Бүгүнкү күндө саясаттан түшүнүгү жок чала сабаттар гана «Медиа Форумду» ырбатып жиберишти. Ортодон жакшы көрүнүүнү самашкандар, коомдук кырдаалды түшүнбөгөндөр «артык кылуунун ордуна тыртык кылышты», туурабы? Мисалы, Асылбек Жээнбековго чөгүп бараткан кемеге «кол булгоо», КСДПны ызы-чуу кылуу керек беле? Жо-ок, ортодогу козуткучтар сөз угушпай, бийликке жагынууну көздөшүп, Атамбаевди «тирилтип» атышат. Натыйжада, тескери пикирге Асылбек мырза калууда. Бул жагын акыл-эстүү тар чөйрө түшүнүүдө, бирок, калың катмарга жеткиси жок да…

Бул арада коррупцияга шектелип, узун тизмеде соттолуп аткан мурдагы аткаминерлердип көйгөйү да оңой эмес. Бийлик бул жагынан элди ынандырууга иштей албады.

Дагы бир жагдай, коомчулукта Икрам Илмияновдун кечээги «кол баласы» Туманбаевдин байлыгы, бүгүнкү жүргүзүп аткан «соодагерчилиги» да жогору жактагыларга колөкө түшүрүүдө. Ал убагында эч кандай түптүү бизнестин идеалы эмес эле Икрамдын аркасынан баш айланткан байлыктарга жеткени, анын акчасын жүгүртүү менен бүгүн да шугулданып атканы жалганбы? Тар чөйрөдө «Мыйзамсыз баюу» беренеси ишке ашса, Туманбаевдин «тумоолоп» калары, миллиондогон суммалар казынага түшөрү ыраспы? Дал ушул жагынан эл ичинде итиркейдин башталганы, кечээги бийликтин «жийиркеничтүү коррупциясы» бүгүнкүлөргө да чапталышып кетүүсү суроо жаратууда, ойлонсо болобу?..

Кеч эмес. Реалдуу ой жүгүрткөн, мамлекеттин туруктуулугу үчүн жандили менен берилген азаматтар бүгүн сүйлөшпөсө, эртең кеч болуп калат. Биз да мамлекет үчүн салымыбызды кошолу…

Арстан Алгырбеков

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: