Кыргызстандын соттору качан болбосун өздөрүн дүйнө-мүлкү жок, айлыктын гана көзүн караган байкуш кылып көргөзөт.
Бул боюнча маселе козгогон депутат Канатбек Исаев, “Карап көргөлө, 90 пайыз соттор декларация толтурганда эч нерсеси жок деп толтурат, ал эми кыймылсыз мүлктөрүн эч жерде иштебеген, киреше таппаган жумушсуз аялдары менен туугандарына каттатып коет”, – деп айтып, бул бүгүн сот бийлигине коомчулуктун ишенбестйгин жаратып жатканын ачык айтты.
Ооба, чындап келгенде, кыргыз сотторунун соодаланма аракеттери 20 жылдан бери жүрүп келе жатканын, алардын элиталык үйлөрдөн батирлери, кымбат баалуу жол тандабастары барлыгын эл жадыбалдай жакшы билет. Анткени сот болуу үчүн да миллондогон сомдор жумшалып, кийин алар бул каражатты эки эселеп актап алаарын кимден жашырабыз. Андыктан азыркы “байкуш” сотторду 100 пайыз тазалап, ордуна ЖОЖду кызыл диплом менен жаңы бүткөргөн карапайым жаштарды коюу учур талабы.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ