Азыркы кыргыз бийлигинин чекесине чыккан чыйкан болуп келаткан белгилүү курч журналист Адилет Айтикеев бул ирет алыскы Минскиге барып, ал жакта жашап жаткан айтылуу Жаныш Бакиев менен беш саат кенен маектешип келиптир. “Тойдун башталганынан да башталары кызык”,- демекчи, анын бул маеги жарыяланбай жатып эле жалпы коомчулуктун бүйүрүн кызытууда.
Анткени өз өлкөсүнөн куулгандыгына алты жыл болсо да Бакиевдердин ичинен “серый кардинал” аталган Жанышы эч бир өз пикирин айта элек болчу. Канткен менен анын маеги Осмон империясын баяндаган “Даңазалуу доор” сериалындай эле “кызыктуу” болорунан шек жок. Сыягы, азыркы бийликтегилерге тиешелүү да далай “секреттер” ачыкка чыгат окшойт. Андыктан алар Адилеттин оозун жабууга аракет кылары белгилүү. Бирок Ак үйдүн тузагына да, тасмасына да түшүп такшалган кесиптешибиз алдын ала бийликтин жалданма журналисттерине “Жолугушууну Алманбет деген адам эмес, Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев уюштурду. Эртең менен 9да барып, 5 сааттан ашык маектешип, кайра түштөн кийин 15:00гө жакын чыктым. Абдан муздак, тек гана курч суроо-жооптон турган интервью болду. Эч кандай тамак да ичпей, кайра эле жолго чыктым. Бу менин өрдөкчү кесиптештерим өздөрү бийликтен 200-500 миңден акча алып жүрүп мени да ошондой элестетишет окшойт”,- деп эскертти.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ