Menu

Акыйкат издеген карыя…Өздөн чыккан жат жаман…

Бөлүшүү:

 

арызРедакцияга жашы сексенден ашып калган аксакал адилеттик издеп арызданып келиптир. Бул карыя — Панфилов районунун Каптал-Арык айылынын тургуну Шаки ИШАЕВ. Ал өзүнүн  мээнеттенип тапкан олжосун алдырып ийип, эми анын акчасын кайтара албай убарада калганын айтып кайгырды. Анда эмесе, сөздү өзүнүн айтып берген баянына буралы. 

аксакал— 2013-жылдын 15-августунда, азыркы жашап жаткан үйүмөн (Панфилов району, Каптал- Арык айылы, Центральная №114) уруулаш тууган иним  Жумабаев Куванбек Кулжанович 150 кап кызылча кантын (кумшекер) сатып алып кеткен. Анын баасы 470 000 (төрт жүз жетимиш миң) сомду түзөт. Бирок Жумабаевдин каражаты толук түрдө  жетиштүү болбогондуктан, “канттын акысын эки күндө тындырам” деген.  Жумабаевдин жеке менчик бизнеси бар болчу жана анын өзөгүн түзгөн товары Казакстан менен Кыргызстан чектешкен бажыканада кандайдыр бир себептерден улам кармалып жаткандыгын айткан. Берилген убада боюнча товары бажыдан чыгаар замат кумшекердин акчасынан кутулмак. Бирок анын эки күнү эки айга созулат.

Ишенимим түгөнгөндө Куванбектен тил кат жаздырып алгам. Ал тил каттын негизинде кийин Жайыл райондук сотуна арыз менен кайрылууга аргасыз болдум. Жайыл райондук соту менин арыз ишимди колго алып, сот отурумун түзгөн. Бирок К.Жумабаев сот отурумуна катышпай, келбей койгон.

2015-жылдын 28-январындагы Жайыл райондук сотунун чечиминде: “Жумабаев Куванбек Кулжановичтен  Шаки Ишаевдин пайдасына 470 000 сом өндүрүлсүн” деген чечим чыккан. Бирок ал чечим аткарылбагандыктан жана Жайыл райондук сотунан майнап чыкпагандыктан, адилеттик издеп көптөгөн эшиктерди каккылап жардам сурадым.

Жумабаевдин  мыйзам чегинде жоопко тартылбай, жоопкерчиликтен четтетилип жаткандыгы күмөн ойлорду туудурат. Кийинчерээк Жумабаев мага “Милдеттеме” берген. Ал милдеттемеде: “Мен, Жумабаев Куванбек Кулжанович, Ишаев Шаки экөөбүз өз ара сүйлөшүп ар бир айдын 27 числосунда 15000 ( он беш миң сом) төлөп 2016-жылдын август айында толугу менен кутулам деп убада берем. Ишаев Шаки ушул сүйлөшүлгөн келишимге макулдугун берди, сот аткаруучунун көзүнчө. 29.09.2015-жыл” деп жазган. Экөөбүз ага кол койгонбуз. Бирок мага бериле турган 470 000 (төрт жүз жетимиш миң) сомдун 98 000 (токсон сегиз миң) сому гана берилди. Ушул милдеттеме боюнча Жайыл райондук сотуна экинчи ирет кайрылдым.

Баарынан да күйдүргөнү, Жайыл райондук соту кийин кайра “сиздин каттооңуз Панфилов районунда экен, ишиңизди ошол жактан каратып бүтүрүңүз”  деген кайдыгер сөзү болду. Бири  “жоопко тартылсын” деген буйрук чыгарып, экинчиси “кам санабаңыз, Куванбек Жумабаевдин кашарын, жерин сизге алып беребиз” деп мени 2013-жылдан бери сүйрөп, анан кайра районуңуздан бүтүрүңүз деп Жумабаевдин жоопко тартуудан эмнеге качып жаткандары белгисиз. Же, колтук ичи сүйлөшүп алышканбы деген да ой кетет экен.

Жакындан таанып, катышып жүргөн эле уруулаш иним мени ушундай абалга калтырат деп ойлобоптурмун. Ошол жылы иштеткен талаабыздагы түшүмүбүз  жакшы болду деп сүйүнүп жүргөнбүз, дары-дармегибизге, оокат-тиричилигибизге кенен жетет деп көңүлүбүз жибип калды эле. Минтип алдап, канжар ургандай эле кылды. Ага абдан ишенгенимдин дагы бир себеби, Куванбек Жумабаевдин атасы Красновосточный айыл өкмөтүндө аксакалдар соту. Менимче, эң эле чынчыл, жоопкерчиликтүү адам. Азыр өзүм алданып, укугум тебеленип, чынчылдык издеп жатканда алар тууралуу  сөз айтканга аргасызмын.

Өз маңдай терим менен тапкан эмгегиме ээ болбой калганыма каңырыгым түтөп, аргам кетип жатат. Азыркы учурда оорукчан байбичем экөөбүз пенсия менен күн көрүп жатабыз. Ушул жашка келип калганда ак эмгегимди жеп кеткен, өз кызыкчылыгын ойлогон Куванбек Жумабаев акыйкат алдында жоопко тартылуусу керек. Жайыл райондук сотуна бара берип да көңүлүм їч көчкөн журттай калып калды.

Р.S. Макала жарык көргөндөн кийин  пайгамбар жашына келген аксакалдын бул иши кайрадан тиешелүү органдар тарабынан иликтенет деген ишенимдебиз.

 З.КАПАРОВА

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: