Menu

Расул Үмбөталиев, эксперт: “Сариев баштаган өкмөт эң чабал жана мажирөө өкмөт болду”

Бөлүшүү:

Энергетика маселелри боюнча эксперт Расул Үмбөталиев менен Темир Сариевдин иштен алынышы, ал өз кызматын кандай аркалаганы боюнча баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

-Расул мырза, кечээ кызматынан кеткен өкмөт башчы Темир Сариев өз кызматын кандай аркалады? Элдин эсинде эмнеси менен калды?

-Мен Темир Сариевди мыкты иштеди, иш билги премьер болду. Кыргызстанды өнүктүрүүгө салым кошту  дегенден алысмын. Анткени, Сариев  премьер-министр болгону эл ого бетер кризиске батты. Кыш жылуу болгону менен карапайым калк  кыйынчылыкты ченебей тартты. Айтайын дегеним, ал башында туруп, Кыргызстанды үгүттөп киргизген Бажы биримдиги, Евразиялык биримдик ал ойлогондой жакшы жыйынтык берген жок. Ал элди ынандыргандай дыйкандар өндүргөн жашылча жемиш жогорку баада өткөн жок. Дыйкандар өндүргөн продукциясын жакшы баада сатмак турсун, өтө арзандап кетип, мээнетибиз кайтпай калды деп капа болуп жатышат. Евразиялык биримдикке кошула коюп, бюджетти толуктап турчу салыктардан кол жуудук. Кыскасы, Сариев башында турган иштин пайдасынан зыянын көп тарттык. Эмнегедир жалындуу сөздөрдү сүйлөп, элдин турмушун жеңилдетип жиберчүдөй сүйлөгөн Сариев  электр энергиясын кымбаттатууга аракет кылды. Тоолуу райондордогу жеңилдиктерди алганга ниет кылып, элдин турмушун жеңилдетмек турсун оорлоткон токтомдорду, чечимдерди  чыгарды. Эл нааразычылыкка чыкканда гана кызматымдан кол жууп калбайын деп баштагы чечимин жокко чыгарып, мурдагысы бойдон калтырды. Анын мына ушундай аракеттери Сариев мыкты менеджер, иш билги инсан деген тыянакты жокко чыгарды. Ал турсун реформа да жасаган жок. Элди кыдырып, иштеп жаткандай таасир калтыруу менен гана алек болду.

Балким, бул нерсенин баары башка адамдын каалоосу менен болуп, жыйынтыгында аны аргасы жок ишке ашырган Сариев күнөөлүү болуп жаткан жокпу?

-Мен антип айткандан алысмын. Анткени, ошондой иштердин башында президент турса да, Сариевдин оозу менен айттырды. Сариевдин акылы болсо, элге каршы чыккан иштерден оолак болсо болмок. Себеби, Сариевдин катачылыгы үчүн башка бирөө жооп бербейт. Ошон үчүн Сариевдин жакшы жаман ишине КСДП фракциясы эмес, өзү жооп бериши керек. Айтайын дегеним, КСДП Сариевге ишеним гана артты. Ал иштеди. Ишинен жакшы жыйынтык бере албаганы үчүн өзү жоопкерчилигин тартышы керек.

-Көп нерсенин баарын Сариевдин колу менен жасатып, президент Сариевди садага чаап жаткан жокпу?

-Андай   болсо, кызмат убакытылуу экенин, эртең эле ээрден шыпырылса кантип эл аралайм деп ойлошу керек эле. Президент туура эмес багыт берсе да аны сооротуунун жолун таап, “Кумтөр” маселесин чечип, электр тармагын эпке келтирип, мыйзамсыз иштеп жаткан тармактарды тескеши керек эле. Ошондой эле чек ара маселесин да чечип, бири бирине каршы  чечимдерин  чыгарбашы керек эле. Ошон үчүн жаман иштеген премьер-министр катары элдин эсинде калды. Айтайын дегеним, электр тамагында деле жарытылуу иш кылган жок. Отун энергетика министрлигин жоюп, улуттук энерго түзүлгөн холдингди да тескеген жок. Талаада калды. Энерго холдинг  Жогорку Кеңештен колдоо таппаса да, мыйзамсыз иштеп жатат. Энергетика тармагы талаада калды.  Кыскасы, Сариев эле эмес, Сариев баштаган өкмөт эң чабал жана мажирөө өкмөт болду.

– “Ал абийирин сактап калыш үчүн кызматтан кетип, аягына чейин күрөшөм”- деди. Ал ким менен кантип күрөшөт?

-“Мен өзүмдү акташ үчүн аягына чейин күрөшөм” деди. Балким, анын да өз чындыгы бардыр.  Макул Сариев Балыкчы –Корумду жолу боюнча караланып жатат дейли.  Бирок, премьер-министр катары жарытылуу эч нерсе кылбаганын, баштаган  ишинин  аягына чыкпаганын элдин баары эле билет да. Башкасын айтпаганда дагы  мамлекеттик кызматкерлерди кыскартам деген сөзү иш жүзүнө ашпай, сөз боюнча калды го.

Балким, ар кошкон фракциядан түзүлгөн өкмөт болгон үчүн премьер-министрлер бат алмашып, ишинин  жыйынтыгы жакшы билинбей жаткандыр?

-Антейин десек, премьер министрге министрлер баш ийбегени үчүн ким күнөөлүү? Министрлердин башында тургандан кийин аларды алдап-солдоп иштетип, ишинен жакшы жыйынтык берүүгө аракет кылышы керек болчу. Министрлерди эптей албаган Сариев бүтүн мамлекеттин жүгүн кантип көтөрмөк эле. Ошон үчүн анын кызматтан кеткени туура эле болду.

-Акыркы жылдары премьер-министрлердин отчётун укпай эле эптеп  ордун бошотуп бергенине кубанган көрүнүш орун ала баштады. Буга ким күнөөлүү?

-туура айтасыз. Бул иштен мындай катачылык кетирдиңиз. Тигил иштен тигиндей артыкчылыкка жол бердиңиз деп премьер-министрдин ишин тескемек турсун анын отставкага кеткенине кубанган чиновниктердин  көптүгүнөн премьер-министрлик кызматтын баркы түшүп, деңгээли төмөндөп кетти. Ага кетип жаткан премьер министр эмес. Ошол кырдаалды жаратып, ошондой окуяга жол бергендер күнөөлүү. Айтайын дегеним, көп учурда премьер министрлерди кызматтан кетирүүгө аракет жасалганда “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” же болбосо, менден премьер-министр кыйын болуп кетпесин деген саясат орун алат. Ошон үчүн отчётун угуудан мурун премьер-министрди ээринен оодарып салууга аракеттер жасалат.

Премьер-министр ишинен жакшы жыйынтык болуш үчүн сөзсүз президенттин колдоосу керекпи?

-Керек десек да болот. Сариевди президент жакшы эле колдоду. Акыркы үч айда эле Сариевге сыртын салып калбаса, көп учурда экөөнүн сөзү бир жерден чыгып жатканы, бир баштан жака, бир жеңден кол чыгарып эле иштеп жатышкандай сезилчү. Тагдыр экен минтип ээрден кантип шыпырылып түшүп калганын да билбей калды.

Аны жакындан билгендер Сариев интриганын эле курмандыгы болду деп жатышат го?

-100 жолу интрига болсо да,  Сариев мыкты болсо өзүнө сак болуп,  катачылыкка жол бербеши керек эле. Ишинен майнап чыгарууга аракет кылып, элге жакын болушу керек болчу.  Анткени, президенттик шайлоо жакындап калганда президент болгусу келгендер Сариевди эбак эле ээрден оодарып салууну көздөшкөн.  Азыр ошол күтүлгөн эле нерсе болду. Анткени, президент болом деген дымагы бардын баарынын көзүнөн премьер-министрлик кызмат өтүп жаткан. Эми анын ордуна кыялында президент болгусу келгендердин баары аракет кылат. Мен Сооронбай Жээнбековдун аты аталып жатканын кулагым чалды. Губернатор болуп иштеп жыргата албаган адам кантип премьер-министр болот дейм да.

Чынайым Кутманалиева 

Булак: “Майдан кg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: