Menu

Аmazon сайтында Тажикстандын туусу түшүрүлгөн товарлар сатыла баштады

Бөлүшүү:

Дүйнөдөгү эң ири онлайн-дүкөн эсептелген Аmazon.сом сайтында Тажикстандын мамлекеттик туусу түшүрүлгөн эркектердин жана аялдардын чолок шымдары, көйнөктөр, рюкзактар жана шымдар сатыла баштады.

Аmazonдун сатуучулары мындай товарларды кардарларга 7-15 күндүн ичинде жеткирип бере тургандыктарын билдиришүүдө. «Мисалы эркектердин чолок шымын 34 долларга, аялдардыкын 21-23 долларга сатып алса болот. Булар спорт же йога менен алектенген тажикстандыктар үчүн сонун белек болот», — деп билдирди Ши Фу атуу кытайлык сатуучу.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Азизмухаммад Холмухаммадзода тажик желеги түшүрүлгөн шымдар менен чолок шымдарды өндүрүү — тажикстердин мамлекеттик символун сыйлабастык деп эсептейт.

«Желекти туристтер үчүн даярдалган азембелектерге, сумкаларга же кол сааттарга түшүрсө болот. Бирок мамлекеттик символду чолок шымдарга, байпактарга түшүрүүгө жол берилбеши керек», — деди Тажик улуттук университетинин окутуучусу Сангин Гулов.

Лондондо жашаган тажик экономисти Азамат Султонов Тажикстандын мамлекеттик туусу түшүрүлгөн товарлар Кытай компаниясы тарабынан 180 өлкө үчүн бир дизайнда чыгарылганын билдирди.

«Өз товарларын Аmаzon аркылуу саткан кытай өндүрүшчүлөрү бул маселенин этикалык жагын эске алышкан эмес окшойт. Тажик бийлиги Amazon компаниясына кайрылып, Тажикстандын желеги түшүрүлгөн товарларды алып салууну талап кылса болот», — деди Азамат Султонов.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: