Menu

Эми милициянын ала таягы болбойбу?

Бөлүшүү:

 

 Ушул жылдын 2-апрелинде КР Ички иштер министрлигинин учурдагы жүрүп жаткан реформасы менен Ысык-Көл облусуна министр Мелис Турганбаев иш сапары менен  журналисттерди коштоп барып келди. Чакырылган жалпыга маалымдоо каражаттарынын ичинде биздин «Жаңы Агым» гезити да болуп, иш-чаранын жүрүшүнө баштан-аяк күбө болдук.

Эми МАИ деген түшүнүктөр жоголот.

КР ИИМ министри, милициянын генерал-майору Мелис Токтомамбетовичтин иш сапарынын башталышы Каракол шаарына кире бериштеги эски жол көзөмөлдөө кызматынын имараты «Ысык-Көл өнүктүрүү фонду» тарабынан 1 млн 994 миң сомго капиталдык ремоттон өткөрүлүп, Ысык-Көл ОИИБ жол кайгуул кызматына берилген имаратты салтанаттуу  ачуу аземи менен башталды. Салтанатка министр Мелис Турганбаев,  министрдин орун басары Алмазбек Орозалиев,  КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев, КРнын генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев жана башка Ысык-Көл облусунун ички иштер кызматкерлери катышышты.  Бул постто жол эрежесин бузгандарды автоматтык түрдө көзөмөлгө ала турган видео байкоо орнотулган. Ушул жерден министр отставкадагы ардагер кызматкерлерге патрулдук милиция жөнүндө буларды айтып берди:

-Патрулдук милиция бул 50-60% милициянын жумушун жасайт. Мурункудай контордо отуруу, жолдон тосуу деген болбойт. Эгерде кимде-ким жол эрежесин бузуп жаткан болсо патрулдук милиция текшерет, ар биринде видеокамера бар. Мына, кечээ эле Бишкекте текшерүүдөн өткөрдүк. Бир айдоочу жол эрежесин бузуп айдап бараткан, анын баары патрулдук милициянын видеокамерасына тартылып алынган. Качан гана ал айдоочуну токтотконубузда «ой эмнеге токтотосуңар, эмне кылдым» деп кыйкыра баштады. Баягы тартылып алынган видеону көргөзгөнүбүздө гана «ай кечирип койгула, мен эреже бузган турбаймынбы, бул аппаратыңар укмуш го»  деп өзүнө чыгарылган айып пулун төлөдү. Бул видеокамераларга тартылган видеолор бир айга чейин сакталып, бир айдан кийин терминалда сакталып турат. Эми айдоочулар мурункудай милиция кызматкерлерин мыйзамсыз токтотту же текшерди деп күнөө кое алышпайт. Дагы бир баса белгилеп айта кетчү нерсе патрулдук милиция кызматкери тартылган видеолорду өз алдынча өчүрүп сала турган болсо токтоосуз жумуштан алынат. Мен азыр кызматкерлерге шарт эле айып пул салып же камап кирбегиле деп айтып жатам. Азырынча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элди жаңы система менен тааныштырыш керек. Бул системаны ишке киргизиш үчүн мамлекеттен бир тыйын алган жокпуз. Казынага түшкөн айып пулдардын 25%ы бизге, ИИМге калат эмеспи ошол каражаттын эсебинен алдык,-деди.

Милициянын балдарына бала бакча салынат

Министрдин иш сапары жаңы бала бакчанын капсуласын куюу менен улантылды. Каракол шаарында милициянын балдарынын атайын бала бакчасы бар. Бирок бул бала бакчага быйыл туура 99 жыл болгон. 1917-жылы аткана болуп салынган имарат 1960-жылдары Ысык-Көл облусундагы милиция кызматкерлеринин бала бакчасы болуп берилген. Быйыл ички иштер министрлиги тарабынан 21 миллион сом бөлүнүп, ошол эле жерге 60 орундуу бала бакчаны куруу иши башталган. Бөлүнгөн суммага бала бакча толук бүткөрүлүп, заманбап жабдуулар менен толук камсыздалат. Аталган бала бакчанын капсуласын  КР ИИМ  министри Мелис Токтомамбетович жана КРнын өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаевичтер куюшту.  Ысык-Көл ОИИБнын №5 бала бакчасы ушул жылдын сентябрь айында бүткөрүлүп, колдонууга берилет экен.

Патрулдук милиция жаңы  унаалар менен камсыз болду

турганбаевКаракол шаарынын борборунда министр жаңы түзүлгөн Ысык-Көл облустук Ички иштер бөлүмүнүн патрулдук милициясы менен таанышып чыкты. Учурда патрулдук милициянын карамагына 31 кызматтык автоунаа берилген. Жакын арада дагы 5 унаа кошумча берилээрин  айтты М.Турганбаев.

-Мына жаңы структура түзүлүп жатат, 1-апрель күнү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда патрулдук милиция өз ишин баштады. Бүгүн касиеттүү Ысык-Көл облусунда өткөзүп жатабыз. Эми менин сиздерге айтаарым эл үчүн кызмат кылыш керек, баягы  МАИ, ППС деген түшүнүктөрдү жоготуш абзел. Жаңы структурада жаңыча иш алып баруубуз зарыл. Сапарыбыз байсалдуу болуп, баштаган ишибиз ийгиликтүү болсун. Бүгүнкү күндө элдин, учурдун талабы болуп жаткан таза иштөө менен эл ишенимине ээ болгула, — дейт Турганбаев.

Форум!

Министрдин иш сапарындагы бирден бир максаты бул жер-жерлерде өткөрүлүп келген «Өлкөнүн келечеги биздин колубузда. Кылмыштуулукка жана экстремизмге жол жок» аттуу форумга катышуу болду. Форум Касымаалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл мамлекеттик драмтеатрында өттү. Форумга жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, диний өкүлдөр, билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлер жана милициянын бардык кызматкерлери катышып,  өз ойлорун билдиришти.  Ошону менен катар жергиликтүү тургундар облус жетекчисине жана Ички иштер министрине өз суроолорун беришти. Иш сапардын соңунда Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Эмил Салиев ардактуу эс алууга чыгып, ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна Октябрь Урманбетов дайындалды. Жыйынтыктап  жатып айта кетчү нерсе жакшы жетекчи,  жакшы иштеген кызматкер кызматтан чоң сый урмат менен узатылаарына күбө болдук. Эмил Салиевге Ысык-Көл облустук администрациясы тарабынан ак калпак, чепкен кийгизилсе, Ички иштер министри Мелис Токтомамбетович  ага ат мингизип узатты.

Нурмухамед ЖУМАБЕКОВ,

Бишкек-Ысык-Көл-Бишкек

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: