Menu

Койдон жоош жаңы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн эски курамы менен иштейт

Бөлүшүү:

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы өкмөт башчысын шайлашты. 115 депутат өкмөттүн жаңы курамын, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп, добуш беришти.
Талкуу учурунда депутаттар тарабынан Сооронбай Жээнбековдун жеке өзүнө эч кандай доомат да, сын да айтылган жок. Тескерисинче, сөз сүйлөгөн эл өкүлдөрүнүн дээрлик баары анын тажрыйбалуу, чарбачыл, ак иштеген, таза жетекчи экендигин баса белгилеп атышты. Дооматтар негизинен 1-вице-премьерликке талапкер Мухаммедкалый Абылгазиев менен болочоктогу транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаровго айтылды. Мисалы, “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов мырза: “Абулгазиев бир топ жыл соцфондду башкарды, бирок, ал жерде эч кандай реформа жасалган жок” деген доомат койду. Депутаттардын дагы бир даары: “Тендер чатагына аралашкан транспорт жана коммуникация министрлигинин жол чарба департаментинин директору З.Айдаров эмне үчүн эми министрликке сунушталып жатат, андан башка татыктуу кадр жокпу?” деген суроону беришти. Буга жооп кылып, Сооронбай Жээнбеков Замирбек мырзанын тажрыйбалуу адис экендигин, жол чарбасын аябай жакшы билээрин айтты.
Ошентип, азырынча өкмөттүн курамында премьер-министрдин өзүн кошкондо төрт гана адам алмашты. Алар: 1-вице-премьер-министр, өкмөттүн аппарат жетекчиси, транспорт жана коммуникация министри. Жаңы премьер-министр негизинен Темир Сариевден калган эски курам менен иштемекчи. Депутат Сайдилла Нышановдун айтымында, С.Жээнбеков дагы эки-үч министрди алмаштырууга белсенип, бирок, карама-каршылыкка дуушар болгон окшойт. “Эки-үч министрди алмаштырайын десеңиз сопротивление кылышыптыр” деди Сайдилла мырза. Бирок, алар кимдер экенин, ким сопротивление кылганын атап айткан жок.
Эстебес Жоомартов
Булак:”Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: