Menu

Темирдин кетишине тендер эмес, саясат себепкер

Бөлүшүү:

Бир жылга жетпеген Өкмөт башчы болгон Темир Сариевдин кызматтан кетишине чырлуу тендер себепкер болбогонун биздин эмес, орустун аналитиктери айтып чыгышты. Башкы маселе Кыргызстандын ЕАЭСке кирүү этабын жеткиликтүү аткарып берип, өз вазийпасынан кутулганы экен. Андан сырткары Темир Сариев Кытай менен жакшы мамиле түзүүгө аракет жасап, ал жакка иш сапар менен барып, газ түтүктөрүн Кыргызстан аркылуу өткөрүүгө макулдук бергени, кытай жарандарына виза режимин алып салуу маселеси козголгону жогор жакка жакпай калганы себеп болду де­ген пикирди орустар айтышыптыр. Бирок, Сариев премьер-министр болуп ишке киришкенде эле анын пиары президенттикине караганда алда канча күчтүү болуп кеткени да президентти тегеректеп жүргөндөргө жага бербей, терс таасирин тийгизгенин жокко чыгарууга болбойт. Кийинки жылы боло турган президенттик так талашка ажонун аты менен барам дегендер ушундан чоочушту.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: