Бизде жогорку кызматка жеткен адамдар балыр баскан саздай эле былкылдабай калышат эмеспи. Бул «оорудан» азырынча айыкчудай эмеспиз. Жалган, ишке ашпаган, анан да асманды чапчыган кыялдарга чулганган «жел убадалар» жетекчилерибиздин оозунан шаркырап эле агылып турат, тобоо. Мисалга, Элвира Сариева деген министр айымпача бар. Министр болуп келгени ооз толтуруп айта турган бир иш жасай алган жок. Интернетте, тагыраагы социалдык түйүндөрдө өзүн апендинин кызындай мактап, мактаттырып олтургандан башка ишин көрө элекпиз. Анан да бизди күйгүзгөн «умный школ» деген долбоор баштадык, эми ар бир окуучуга планшет алып беребиз деп оозубузду ачырган. Аны угуп алып биз бир топто араң эсибизге келип, эгер мындай кылаары чын болсо министр айымдын этегине намаз окуйлу деп ойлоп атканбыз. Кашайып анысы дагы катардагы катмарланган калптардын бири болду. Эми мына буга бөркүңүздөй ишене бериңиз, бул айымпача жакында «умный школ» долбоору менин демилгем эмес болчу, премьер-министрдин демилгеси эле, ал киши кетип калбадыбы, катыгүн» деп алакан жайып, суудан кургак чыгаары турган иш. Анткени, бул долбоордун ишке ашышы абсурд. Ар бир окуучуга планшет тургай, кадимки окуу куралдарын, китептерин түзүктөп жеткизе албай жатканда «умный школу» уйкудагы түш эмеспи…
Булак: “Де-факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ