Menu

Сөз эркиндигин коргоо комитетин түзүү тууралуу билдирүү

Бөлүшүү:

Кыргызстандын демократиялык негизги жеңиштеринин бири – сөз эркиндиги – бүгүнкү кыргыз бийлиги тарабынан чоң басмырлоого дуушар болууда. Журналисттерди миллиондогон акчага доого жыгуу же эркин маалымат каражаттарын рейдерлик жол менен басып алуу үчүн алигиче реформаланбаган соттук системаны пайдалануу кадыресе көрүнүшкө айланды.
Бул – журналисттерде жана медиа-уюмдарда ички өзүн-өзү цензуралоо тенденциясын пайда кылуу жана жалпы маданияттын деградациясы менен билим деңгээлинин төмөндөө фонунда ММКларды гана эмес, журналисттердин өздөрүн да бийликтин үн катпас камчы чабар малайларына айлантып, аларды кесипкөйлүктөн жана негизги вазыйпасы – чындыкты айтуудан ажыратууда.
Бизге – Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстан эң эркин мамлекет, азыр Кыргызстанда мурда болуп көрбөгөндөй эң калыс бийлик орноду, мурункудай оппозиционерлерди эч ким өлтүрбөйт, журналисттерди үйлөрдүн жогорку кабаттарынын терезелеринен ыргытпайт деп айтышат. Эмне, журналисттердин эркин болушу үчүн аларды өлтүрбөө эле жетиштүүбү? Же 2010-жылы мурунку бийликти кулатканда бизге ушуну эле убада кылышты беле?
Кайрадан, мурунку эле совет доорундагыдай, өлкөдөгү чыныгы абалды жарандар ашканаларда же башка көмүскө жерлерде шыбырашып, жашыруун талкуулап калдык. Ошол эле учурда ошол эле адамдар расмий жыйындар менен форумдарда бийликти мактап сүйлөөгө аргасыз болууда. Анткени бийлик өлкөнүн негизги маалымат каражаттары менен тынч жыйындар үстүнөн да тымызын көзөмөл орнотууга жетишти.
Бүгүнкү кыргыз чиновниктеринин кадыресе жашоо тартибине айланган коррупциянын бардык деңгээлде күчөшү менен кошо, негизги милдети – окуяларды мүмкүн болушунча объективдүү, болгонун болгондой чагылдыруу жана коомчулукка ар тараптуу, так, ишенимдүү маалымат таркатуу болгон ММКлардын ролу кайрадан эбегейсиз болуп чыкты.
Мындай учурларда кимдир бирөө добулбас кагып, эркин коом жана басма сөз эркиндиги үчүн күрөшүүгө милдеттүү. Өлкө азыр – баардык саясый жана коомдук күчтөрдүн ачык диалогу менен гана жетишүүгө мүмкүн болгон саясый жоопкерчиликке муктаж. Мына ошондуктан, биз эркин коом үчүн күрөшүүнүн биринчи тепкичи боло турган Сөз эркиндигин коргоо комитетин түзүп жатканыбызды билдиребиз.
Замира Сыдыкова, Нарын Айып, Бегалы Наргозуев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: