Menu

Аскаровдун соту кайрадан кийинкиге жылды

Бөлүшүү:

Аскаров өзү жана анын адвокаттары адилет чечим чыгарып, актап берүүнү, мамлекеттик айыптоо тарап аны кайра өмүр бою абакта калтырууну сураган. Өкүм бүгүн окулары күтүлүп жаткан. Бирок сот аны угузууну 24-январга белгиледи.

10-январдагы жараянда cот июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровго акыркы сөз берип, 17-январга чейин кеңешүүгө кеткен.

Аскаров 2010-жылкы июнь коогасына күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Өткөн жылы апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети анын камалышы мыйзамсыз деген негизде бошотууну талап кылган. Натыйжада Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, мурунку өкүмдү жокко чыгарган. Аскаровдун ишин 4-октябрдан тарта Чүй облустук соту карай баштаган эле.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: