Menu

Мирлан Каниметов, полковник: “Бизге “Сакалбы” же “Карышкырбы”, “Ити”, “Чөөсүбү” — баары бирдей кылмышкер”

Бөлүшүү:

Биздин каарман Мирлан Каниметов, ИИМ алдындагы УКККББ (уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшү башкы башкармалыгы) башчысы, милициянын полковниги, ИИМ системасындагы биттин ичегисине кан куйган таланттуу из кубар экендигин ашынган душмандары да тана албайт. Өлкөдөгү жүз берген чуулгандуу кылмыш иштерин ачууда Мирлан Каниметовдун эмгеги өзү иштеген системада дайым башкы планда болуп келген. Анын кылмышкерлер менен жан аябай салгылашып, бетме-бет атышкандыгы убагында бүтүндөй өлкөгө дүң болгон. Дал ушундай профессионал адистен өлкөдөгү уюшкан кылмыштуулук, соңку убактагы атышуулар, андагы “ит жыгылыш” абал тууралуу чыныгы кырдаалдарды өз оозунан угуп кайттык. 

-Мирлан мырза, учурда өлкөдөгү жалпы криминалдык абалга кандай мүнөздөмө бересиз?

-Кырдаал Кудайга шүгүр, тынч. Андай деле кооптуу жагдайлар жок.

-А мындан туура 20 күн мурунку Бишкектеги атышууну криминалдык топтордун өз ара таасир талашы башталгандыгы катары сыпаттап чыгышты го?

-Адам ата менен Обо энебиз жаралганда эле тыюу салынган алманы жеп, кылмышка барышкандыгын билесиңер да. Андыктан, адам баласы жаралгандан тарта жер каймактагандан бери эле ушул кезге дейре кылмыш да болуп келе жатат. Жер үстүндө адам баласы жашап турганда, көпчүлүк болгон соң кылмыштар болуп келген жана мындан ары деле боло берет. Биз эмес, экономикасы жактан ат чабым алдыдагы коңшуларыбыз Россияда, Казакстанда деле кылмыштуу топтордун өз ара тирештери токтобой, күн сайын катталып жатпайбы? Арылатканда АКШда, Франция баштаган күчтүү өлкөлөрдө деле уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан кылмыштуулук күн сайын жүз берип, катталып турат. Андыктан, крим-чөйрө өкүлдөрүнүн бири-бирин атып кетмей, чаап, сайып, өлтүрүп кетмей жоруктары бизде эле болуп жаткан жери жок. Албетте, жакында баш калаабыздагы болуп өткөн атышууда криминалдык топтордун өз ара таасир талашып, бири-бирине ок чыгаргандыгы факт. Жашырганда не, өлкөдө Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу өз ара активдүү иш жүргүзгөнгө аракет кылып, Кыргызстандагы мыйзамсыз аткезчилик менен алектенишкен бизнесмендерге көмүскөдөн “крыша” болгонго далалат кылып, аларды коргоп келишет. Биздин айрым бизнесмендер да аларга “отметка” кылып келишкендиги күбүр-шыбыр кеп болуп айтыла калып жүрөт. Мына ушундай жагдайда, Алмаз Бокушов тобунун активдүү “лидери” “Сакал” каймана атындагы Улан Токтосунов чет өлкөдөн “Мыйзамдагы ууру” таажысын кийип келгени, Бишкекке алынып келээри менен уюшкан кылмыштуу топтордогу жоро-жолдоштору менен биргеликте Камчы Көлбаев тобу менен өз ара каршылашып, криминалдык чөйрөдөгү бийликти талашышып, баягы “эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” дегендей образды жаратышууда. Башта сенин соболуңдагыдай оппоненттерибиздин “Кыргызстан Чикаго болуп кетти” деген көбүртүп-жабыртууларынан алысмын. Бир нерсени баса белгилеп айткым келет, 2010-жылдын 7-апрелине чейин бакиевдердин кандуу бийлик доорунда кылмыштуу топтор арасында айына бери дегенде 2 иреттен кем эмес, жылына 20га чейин адам өлүмү менен коштолгон өз ара тирештер болуп турчу. 2010-жылдын 7-апрелинен кийин жаңы бийлик келгени бул көрсөткүч кандайдыр бир деңгээлде жөнгө салынып калды. Мен муну ушул тармакта көптөн бери иштеп келген адис катары айткым келет. Туура, крим-чөйрөдө атышуулар болуп кетип жатат. Бизде канча деген уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү бар? Эми алардын баарын кайтарып, күнү-түнү күзөтүп тургандай милициянын, анын ичинде биздин ГУБОП менен ГУУР кызматкерлеринин мүмкүнчүлүктөрү менен шарты жетпейт да.

-А бирок, биздеги крим-чөйрөдө “эки кочкор” эмес, андан да көп “Мыйзамдагы уурулар” пайда болуп калды го. Буга чейин жанагы өзүн “Карышкыр” деп тааныштырган Мурсалым Өмүрзаков да “мыйзамдагы ууру” экенин, Камчы Көлбаевди тааныбастыгын айтканы бар эле…

-Ушул жерден баса белгилөөчү жагдай, биздин журналисттерибизден крим-чөйрө өкүлдөрүн жарнамалап, айрымдары аларды “баатыр” кылбай эле коюшса дээр элем. Мындай кылмыштуу топтордун анабашчыларын көбүртүп, аларды замандын тим эле бир укмуш “баатыры” кылып мактагандын кесепети канчалаган жаш өспүрүмдөрүбүздүн психологиясына таасир этип жатпайбы? Айрымдардын эсеби боюнча ошондой “баатырларды” кумир туткан жаш балдар “уядан учаар замат” ар кандай кылмыштуу аракеттеги топторго кошулуп, туура эмес жолго түшүшүүдө. Андыктан, Кыргызстандагы кылмыштуу чөйрөдө кимиси “Мыйзамдагы ууру” же “аталык”, мага демектен ону бирдей “Мыйзамдагы ууру” болушса да өздөрү үчүн. Биз алардын эч бирин “эр-шер” кылып көрбөйбүз жана андайлардан коркпойбуз. Алар ошондой кылмыштуу жолду тандап алышты, демек, биз үчүн “Сакалыбы” же “Карышкыр”, “Ити”, “Чөөсүбү”, баары бирдей кылмышкер. 2013-жылдын 29-майында кабыл алынган “уюшкан кылмыштуулукка каршы бөгөт коюу” мыйзамынын негизинде уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрүн сот аркылуу атайын тизмеге коюп жатабыз. Биринчилерден болуп, андай тизмеге “Сакал” каймана атындагы Улан Токтосуновду койдук. Буга дейре 2 жыл боюу бул мыйзамды эч ким иштеткен эмес. Алгачкылардан болуп, биз иштетип, иш жүзүнө ашырдык. Калган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн дагы соттун чечиминин негизинде гана атайын тизмеге коебуз. Мыйзамды толук иштетип алсак, уюшкан кылмыштуу топторду ооздуктап, алардын коомго болгон терс таасирлерин басаңдатабыз деп толук ишенем.

-“Сакал” эмне себептен соттун Нарындагы СИЗОго жазасын өтөө сунушунан баш тартып, Бишкектеги Камчы Көлбаев тобунун активдүү мүчөсү “Лимонти” (Алмаз Сулайманов) отурган №1 СИЗОго кирүүгө куштар болуп жатат?

-“Сакалы” болобу же башкасы болобу, кылмышкерлерди кайсы СИЗОго жайгаштырышты мамлекеттик жаза аткаруу кызматы чечет. Биз алардын ишине кийлигише албайбыз. Жаза аткаруу кызматынын өздөрүнүн ич ара атайын эреже, интрукциялары бар. Ошого жараша мыйзамдын негизинде иш-аракеттерин жүргүзүшсө керек.

-Минскиде жаткан айтылуу канкор Жаныш Бакиев жакында үн катып, шефиңиз Мелис Турганбаевдин дарегине карата ачуу пикирлерин жолдоп, маркум Медет Садыркуловдун өлүмү сындуу бир катар буюртма өлүмдөргө тиешеси жоктугун билдириптир. Кандай дейсиз?

-Кыргыздын “кыз боосуп, энесин коркутат” деген кеби бар. Мен кыскача гана айтайын, ал канкор эгерде чыныгы эркек болсо, сыртта жатып алып, ар кандай чындыкка дал келбеген ушак-айыңдарды көбүртүп-жабырткандын ордуна, ак экенине ишенсе, анда келбейби? Ал канчалык карганып, актанбасын тарыхта колу кан бойдон калат. Алыста жатып алып, бет тырмаарлык кылган чыныгы жигитке мүнөздүү көрүнүш эмес. Чындыкка дал келбеген “өрдөктөрдү” учура берсе эле эл ишене бербейт. Эл эчак эле кимдин-ким экенин ажыратып, талдап алышкан.

-Алманбет Анапияевдин өлүмүнө сизди жана ГУБОПто иштеген шеригиңизди ушул кезге дейре социалдык түйүндөр аркылуу жасалма болсо да жабыштырганга аракет кылып келишет. Айтыңызчы, мындай жасалма жарлыкты жабыштыруу кимге керек болуп жатат? Дегеле, анын өлүмү качан ачылат?

-Алманбет Анапияевдин өлүмү боюнча, бул ишти тергөөнү Белоруссиянын күч органдары колго алышкан. Биз менен алар бул иш боюнча эч кандай кызматташышкан жок. Ал эми мени жана шеригимди социалдык түйүндөрдөн Анапияевдин өлүмүнө жабыштыргандар боюнча. Мен бул тууралуу өткөн 2015-жылдын соңунда өзүңө берген маегимде кеңири баяндап бергем. Аны актангансып, кайрадан кайталагым келбейт. Алманбет Анапияевди 2015-жылдын 18-февралында өлтүрүп кетишсе, биз армияда чогуу кызмат өтөгөн палчандарыбыздын чакыруусу менен 22-февралда Москвага учуп кетип, кайра 24-февралда учуп келгенбиз. Болгондо да ИИМ министринин орун басарынын уруксаты менен кеткенбиз. Биз менен учакта 200дөй жүргүнчү учуп келди. Андагы жүргүнчүлөрдүн кимисинин каяктан келе жатканын биз каяктан билебиз? Дагы айтам, биз бүгүн көптөрдүн тамагына кылкан болуп, кылмыштуулукка каршы аесуз күрөштү баштадык. Алдыда баштаган ишибизде далай сыноолор, бут тосуулар турат. Алардан биз татыктуу өтүшүбүз керек. Анан эле кыпындай далили жок, бир беткей караламай, шыбамай материалдарга убактымды коротуп турсам, бияктагы ишибиз кайда калат? Уюшкан кылмыштуу топтордун, сырттагы качып жүргөн качкындардын, Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар колу канкорлордун буюртмасын аткарып, мени, биздин кызматкерлерди шыбап, чындыкка дал келбеген маалыматтарды жарыялап жүргөндөргө теңелгим да, чычалагым да келбейт. Кимдин-ким экенин убакыт, мезгил өзү эле таразалап, талдап алат. Кудай бар да. Эгерде далилдери барбы, ортого чыгарышсын? Чогуу иликтеп, тактайлы.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: