Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында экономика министри Арзыбек Кожошев Германия өз ара кызматташуу алкагында Кыргызстанга 53 млн 950 миӊ өлчөмүндө гранттык каражат бөлө тургандыгын айтты. Анын ичинде 16 млн каражат техникалык кызматашуу долбоору үчүн бөлүнүүдө.
Гранттык каражат кесиптик билим берүү, жумушка орноштуруу, жарандык коом менен алакаларды арттыруу, перинаталдык саламаттыкты сактоо, жакырчылыкты азайтуу багытында жумшалат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ