Жалал-Абаддагы “Айша Сыддык” кыздар медресесинин окуу бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы билдирди.
23-апрелде Жалал-Абад мамлекеттик университетинде облусттук мусулмандар казыяты “Салттуу исламдын баалуулуктары” деген темада конференция өткөрүп, анын ачылышында Кыргызстандын мамлекеттик гимни ырдалып жатканда Сузак районундагы “Айша Сыддык” кыздар медресесинде окуган жоолук оронушкан кыздар ордуларынан турбай коюшкан. Алар муну Куранда мындай нерсе жок экени менен түшүндүрүшкөн. Бул жагымсыз окуя социалдык тармактарда кызуу талаш-тартыштарды жараткан.
26-апрелде өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Анаркулов тиешелүү адамдар менен жолугушуу өткөрүп, Кыргызстанда жашаган ар бир атуул улутуна, жынысына жана диний көз карашына карабай мамлекеттик атрибуттарды сыйлоого тийиш жана милдеттүү экендигин билдирген.
Жолугушуунун соңунда “Айша Сыддык” кыздар медресесинин мүдүрү Капарбек ажы Абдыкалыков медресенин окуу бөлүмүнүн башчысы Севара Хожашова тарбиялык иштерге жеткиликтүү көңүл бурбагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулганын кабарлады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ