Menu

Замира Сыдыкова: “Бийликке конструктивдүү сын-пикир айтканды үйрөнөлү”

Бөлүшүү:

“Сөз эркиндигин коргоо” комитети түзүлүүдө. Журналисттер менен биргеликте коомдук жана саясый ишмерлер, жөн гана кайдыгер эмес жарандар биригип атышат. Топ бузарлар арасында Нарын Айып, Бегалы Наргозуев, Замира Сыдыкова  ж.б. белгилүү журналисттер, жарандык жаш активисттер бар. “Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова айымдан комитеттин түзүлүшү жана иш алпаруусу тууралуу оюн уктук.

– Замира айым, “шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт, “Сөз эркиндигин коргоо” комитетинин түзүлүшү да жөн жерден эместир?

– “Жыргаганыбыздан жылкы багып атыптырбызбы” дегендей, тегин жерден комитет түзүп атканыбыз жок. Себептери толтура болуп кетти. Биринчиден, азыркы бийлик эл алдына жана журналисттерге өз учурунда көп убада берген. “КТРКны элдик телевидениеге айлантабыз. А жерде ким каалаган чыгып, өз оюн айта алат. Сөз беребиз, сөз эркиндиги болот. Коррупциянын тамыры кыркылып, журналисттердин бийликти сындаганга жумушу жок калат. Баардыгы демократиянын негизинде болуп турат” деген. Бакиевдин бийлиги кулагандан кийин, азыркы бийликтегилердин мындай айткандарына ишенип, мен да журналистикадан алыстап кеткем, бир четинен сүйүнүп. Аңгыча эле бийлик “Вечерний Бишкекти” тартып алуу амалын жүргүзүп, коомчулукту бир топ эле дүрбөлөңгө салып, өйдө-ылдый кептер тарады. Бийликтин сөз эркиндигине болгон чабуулунун алгачкы кадамдары, тымызын иштери жаман жышаанда ачыкка чыга баштаганын баарыбыз байкап калдык.

– Өзүң да Акаевдин тушунда ушундай кысымга учурагансың да?

– Ооба, аны мен эле эмес элдин баары унута элек экен. Кантип кысымга алгандары, сот артынан сот, СИЗОго камап койгондору… Анан ошолор мага келишип, “Замира, Вечерканы тагдыры эмне болмокчу, сенин гезитиң качан чыгат? Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы бийликке сын айткандардын кийинки тагдыры эмне болот? Элнура Кулуеванын “Арена KG” гезити жабылып калды. Так маалыматты сендей коркпогон гана журналисттер элге жеткирип турушчу эле” дешип калышты. Ошондон улам “Республика” гезити 2015-жылы 10-июнда кайрадан чыгып баштады. Аз өтпөй Дайыр Орунбековго, Уран Ботобековдорго болгон кысым, анын артынан соттук чечимдердин чыгышы менен акырындап болсо да бийликтин сөз эркиндигине болгон чабуулунун башталганы катары билдик, аны жалпы коомчулук да түшүндү. Же андай эмеспи? Ошол эле Акаевдин, ошол эле Бакиевдин заманынан айырмасы жок болуп калбадыбы. Керек болсо, кээ бир учурларда алардан ашып түшүп атышат. КТРКны элдик кылган жок. Бийликтин “Кара жащигине” кайтадан айланды. Ажону же өкмөт башчыны сындаган бир да адам а жерде ээн-эркин чыгып сүйлөй албайт. Оппозицияга эфир бермек тургай, аларды четтен камап атышат. Бул аябай жаман жышаан. Эгер минтип отурушса, арты жакшылыкка апкелбейт.

– Кесиптештердин бирөөсүн камап атышса, экинчиси кайдыгер карап, “ошону көрмөк” деген да заман келип калдыбы?..

– Билинбеген менен эки жээк, үч жээк болуп, ЖМКнын ынтымагы солгундап атканы байкалат. Бир журналисттин соту болуп атса, илгеркидей жабалактап баары чуркабастан, 4-5 редакция жана жарандык активисттер барып колдоп, же  колдомуш этип атат. Анүстүнө баардык эле гезиттер жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгын, мамлекеттин өнүгүп-өсүшү тууралуу ой жүгүртпөстөн кайсы бир депутаттын кызыкчылыгын коргоп, бийликтин камчысын чаап, жадагалса, оппозициялык маанайда жазган журналисттерге чабуул коюп аткандары таңгалдырат. Ал редакциядагы жазмакерлер мени да далай ирет сындап ийгенге үлгүрүштү. Ошондуктан, “Сөз эркиндигин коргоо” комитети түзүлүп атканы замандын талабы. Журналисттер, коомдук жана саясый ишмерлер, жарандык активисттер бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, түзүлүп аткан комитет алдында биригип, ынтымак-ырашкерлигибизди бекемдетели, профессионалдык ой жүгүртүүбүздү бирге өстүрөлү. Бийликке конструктивдүү сын-пикир айтканды үйрөнөлү. Эң негизгиси, сөз эркиндиги Кыргызстанда жоголуп кетпеси үчүн бирге күрөшөлү да.

– Тилектештикти күчөтүппү?

– Ооба, туура айтасың. Тилектештикти күчөтпөсөк, бийлик же бийликтин камчысын чаап аткандар, “ажого ашкере жакшы көрүнөм” дегендер журналистти коркутуп-үркүтүп, камап, керек болсо, чет мамлекетке качырууга мажбур кылат. Алар мамлекеттеги сөз эркиндигине карата тоскоолдуктарды жаратуу менен кесепетинде Кыргыз демократиялык өлкөсүнө доо кетирерине көзүм жетип калды. Жаңыдан түзүлүп аткан “Сөз эркиндигин коргоо” комитети мындай көрүнүштөргө каршы күрөштү жакында баштайт жана тоскоолдук жаратып аткандарга “Көзүңөрдү ачкыла!” дейт.

– Комитет түзүлүп калса, журналисттер бири-бирин коргоо менен эле алек болобу же башка да иш алып барышабы?

– Тилектештиктен тышкары да иштер толтура. Комитеттин курамына кирген улуу муундагы профессионалдуу журналисттер жаңыдан өсүп келаткан жазмакерлерге акыл-насаатын айтуу, сабак берүү, окуу-семинарларын уюштурат. Юридикалык сабаттуулукту тиешелүү деңгээлге жоюу максатта мыкты адисттердин кеп-кеңешин угуздурабыз. Ар бир тармакты кенен, дыкат изилдөөдө иш билги адамдар менен бирге иш алып баруу жагынан комитет көмөк көрсөтөт ж.б.  Деги эле журналисттерди анын ичинде жаш журналисттерди чындыкты жазууга үндөп, көзөмөл кылабыз. Кыргызда бекеринен “кеп чынынан бузулбайт” дейт го, анысыңары, чындыкты жазган журналистти эл баалайт. Эгер ал журналистти чындыкты жазганы үчүн кысымга алып баштаса, аркасында калдайган калың эли турат, аны коргоп алууга мүмкүнчүлүгү жетет…

Булак: “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: