Menu

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан Калматов шайланды

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп, анда мурдагы төрага Сагын Эшме 2012-жылдан бери аткарган иштер боюнча отчетун берип, төрагалыктан өз эрки менен кетти.

Жыйынга катышкан журналисттер Сагын Эшменин отчетун уккандан кийин, анын ишин канааттандырарлык деп баалашты. Андан кийин, КР Журналисттер союзунун төрагасынын орун басары Курманбек Раматов республикалык журналисттер союзунун аткарып жаткан иштерине токтолуп, акыркы мезгилдерде союздун иши бир аз солгундар кеткендигин баса белгилеп кетти.

Облустук журналисттер союзунун төрагалыгына 6 талапкер сунушталып, алардын төртөө шайлоого катышуудан баш тартышты. Шайлоону өткөрүү боюнча комиссия түзүлүп, жашыруун добуш берүү бюллетенине эки талапкер: Куттумидин Базаркулов менен Руслан Калматов киргизилди.

Добуш берүүгө 43 журналист катышып, анын 27си “Азаттык” радиосунун облустагы кабарчысы Р.Калматовго, 16сы ЖТРдин башкы директору К.Базаркуловго добуш беришти. Жыйынтыгында облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан Калматов шайланды.

Ошондой эле, жыйында төраганын эки орун басары жана жооптуу катчысы, андан тышкары аткаруу комитетинин 11 мүчөсү да шайланды.

Ал эми журналисттердин республикалык курултайына облустан 25 делегат катыша турган болду.

Булак: kogart.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: