“Ата Мекенден” өч алуунун акыркы стадиясы партиянын бийликтеги жалгыз “көзүрү” Кудайберген Базарбаевге да жетип, жума башында министр кызматтан кетти. Табиятынан дипломат Базарбаев кызматтан кетүүсүн “өз каалоом” деген формулировкага жамынганы менен түпкүлүгүндө кармашкан эки дөөнүн ортосунда калган бейажал чымындын образында калды. Саясый илимдердин кандидаты Кудайберген Базарбаев университеттерге лекция окууну пландап жатканын кыйытууда. Буга дейре Минсоцтун ишин көркүнө чыгара аткарган тажрыйбалуу “аппаратчикти” да эрегишүүнүн айынан кызматынан алып тындык. Бийликтин толук курамы кадрдык таңсыкка учурап, өкмөт курамында тажрыйбалуу мамлекетчил инсандар көздөн учуп турганда Базарбаевдин кетиши өлкө үчүн утулуш гана болду. Акүй жана Атамбаевдин “билермандары” ушинтип отуруп мамлекетти биротоло жардан ары кулатып, чет өлкөгө баса беришпесе болду.
Ийгилик БОЛСУНБАЕВ
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ