Menu

“Ретро-Метродо” милициянын начальниги, полковник таяк жедиби?

Бөлүшүү:

Өткөн жуманын соңунда, ИИМдин коллегиясынан кийин Кемин РИИБсинин начальниги Азамат Имангазиев “Ретро-Метро” түнкү клубуна барганы, ой-да сайрандап, мас абалында мушташка аралашканы, анан таяк жеп баратканда “мен милициянын полковнигимин” деп кыйкырганы кесиптештери арасында кызуу кепке айланды. “Түнкү клубда тайралаңдап, милициянын аброюна түкүргөндөй иш кылды” дешүүдө. Эгерде “Ретро-Метронун” видео архивин тазалатып эле жибербесе, акылга сыйбас көрүнүшкө күбө болобузбу? Мындай чуулгандуу кадр кантип Кемин районуна үлгү көрсөтөт? Кантип элди мыйзамдуулукка, тартипке чакырат? Бу жерде маселе курч бойдон турат. Азамат Имангазиев ичсе эле ар кимге асылып, “начальникмин” деп опурулуп, бирок, аягында таяк жеп жүргөнүн көргөндөр бар. Жада калса, оозу-мурдун каңдаган жигиттер арабызда эле жүрөт… Ушул жагынан ИИМдин көзөмөлдөй турган органы баа берсе болбойбу? Кызматтык иликтөө жүргүзсө, оңой эле фактылар алдыга жайылат эле. Мындай шартта Имангазиевдин ишенген “крышасынын” көңүлү иттей калат беле?..

Булак: “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: