Бүгүн Кыргызстандагы сөз эркиндиги аябагандай коркунучтуу абалда. Мындай пикирин 5-майда Бишкекте Сөз эркиндигин коргоо комитети уюштурган Сөз эркиндиги форумунда аталган комитеттин мүчөсү, экс-депутат Равшан Жээнбеков билдирди. Анын айтымында бүгүн кээ бир журналисттер чектөө жок экенин шардана кылып, “каалагандай айтып, жазып жатабыз” дегени менен, бийликке ачуу чындыкты айтып, анын азабын тарткан журналисттер деле аз эмес. “Биз өзүбүздү кошуна өлкөлөргө салыштырып алып эле эркиндик бар деп кыйкырып жатабыз. Бирок, ошол эле учурда эркин сүйлөп жаткан адамдардын канчасы камалды, канчасына айыппул тагылды, канчасы мамлекеттен качып кетти, канчасы коркуп калды, мына ошолорду эске ала турган болсок, анда Кыргызстандагы бүгүнкү сөз эркиндиги аябагандай коркунучтуу абалда”, – деди Равшан Жээнбеков.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ