“Алмаз Атамбаевдин акыл-эси жайында болсо 17-майга чейин өз эрки менен кызматынан отставкага кетет, эгер акыл-эси жайында болбосо анда 17-майда кетет. Ал кетери менен бир нече мүнөттөн кийин Атамбаевдин кол бала өкмөтү отставкага кетет. Анан биз “Элдик парламент” Жогорку Кеңеш менен сүйлөшүүгө киришебиз, премьер-министр биздин ичибизден бирөө шайланат. Жогорку Кеңештен 10 чакты киши өкмөткө кирсе болот, бирок, СДПКдан башка партиялардан. СДПКнын жаңы өкмөткө кирүүгө моралдык укугу жок. Жаңы шайланган премьер-министр президенттин да милдетин аткарып калат.”, – деди бүгүн, 7-майдагы маалымат жыйынында “Элдик парламенттин” лидерлеринин бири Бекболот Талгарбеков.
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видеотасманы Ютубга жүктөгөн: Саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ