Menu

Сооронбай Жээнбеков Казакстанга картошканын киргизилишине тыюу салуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Бөлүшүү:

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-майда, Кыргызстанда өндүрүлгөн картошканы Казакстан аймагына киргизүүгө тыюу салуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеге биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, вице-премьер-министр Олег Панкратов, айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Руслан Бейшенкуловдор катышты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргызстанда өндүрүлгөн картошканын тегерегиндеги маселе чечилиши зарыл. “Өлкөнүн ЕАЭБге кошулуусу менен биздин айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр интеграциялык бирикмеге мүчө-өлкөлөрдүн рыногуна кеңири мүмкүндүктөр ачылаарына үмүттөнүшкөн. Бирок азыркы учурга дейре алар өндүрүлгөн продукцияны ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгарууда тоскоолдуктарга туш болууда, ошол эле учурда биз айыл чарба жаатындагы чоң мүмкүндүктөргө  ээ экендигибиз белгилүү. Биз дыйкандарыбызга ЕАЭБ мамлекеттерине продукциясын экспорттоого жол ачып берүү үчүн колдон келген аракетибизди кылуубуз керек», – деп белгиледи ал.

Премьер-министр тийиштүү министрлик жана ведомстволорго жергиликтүү картошканы казак рыногуна киргизүүгө карата салынган тыюуну алып салуу боюнча күч-аракетти координациялоону тапшырды. Ошондой эле картошканы экспорттого байланыштуу абалды тез арада чечүү иретинде казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү активдештирүү тапшырылды.

Кеңешменин жүрүшүндө вице-премьер-министр Олег Панкратов маалымдагандай, ЕАЭБ нормаларына ылайык, тыюу салуу үчүн олуттуу негиздемелер болуусу зарыл. «Учурда адистер тарабынан картошканы Казакстанга экспорттоого карата киргизилген тыюу салуунун негиздемелери иликтенүүдө. Ыйгарым укуктуу органдар казак тарап менен консультацияларды жүргүзүүдө. Атамекендик картошканы экспортоого карата тыюу салууну тез арада алып салуу үчүн бир катар чаралар кабыл алынат», – деп билдирди Панкратов.

Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Руслан Бейшенкулов маалымдагандай, ведомствонун адистери коңшу өлкөгө картошканы экспорттоого киргизилген тыюу салуунун себептерин иликтөөдө.

«Казакстандын аймагына атамекендик картошканы киргизүүгө расмий тыюу салуусу бизге келип түшө элек. Бирок иш жүзүндө тыюу салуу орун алууда. Эртең Кыргызстандын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин жана КР өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын адистер тобу казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана картошканы экспортоого карата тыюу салууга негиз болгон фактыларды салыштыруу үчүн Астана шаарына жөнөп кетет», – деп белгиледи Руслан Бейшенкулов. Ал кошумчалагандай, 2016-жылдын январынан тарта Казакстандын аймагына 1400 тонна картошка экспорттолгон, ал эми 113 тоннасы андагы ылаңдын (золотистая нематода) табылышы себептүү артка кайтарылган. Картошкадагы аталган ылаң түрү түшүмдүүлүккө таасирин тийгизгени менен адамдын ден-соолугуна жана өмүрүнө кооптуу саналбайт, деп белгиледи Бейшенкулов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: