Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-майда Тажикстанга эки күндүк жумушчу сапар менен жөнөп кетет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Өкмөт башчы «CASA-1000» долбоорунун курулушунун расмий башталышына арналган аземге катышат. Иш-чара тажик президенти Эмомали Рахмондун, Пакистан жана Афганистандын өкмөт башчыларынын катышуусунда өтөт.
Ошондой эле сапар алкагында Тажикстандын жетекчилиги, Афганистандын премьер-министри Абдулла Абдулла менен эки тараптуу жолугушуулар мерчемделген. Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз-тажик жана кыргыз-афган кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечек багыттары талкууланат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ