Menu

Өзбекстанда кытай вакцинасын сыноодон өткөрүү пландалууда

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлигинде Кытай Илимдер академиясынын Микробиология институту жана Anhui Zhifei Longcom Biopharmaceutical компаниясы менен Өзбекстанда коронавирус вакцинасын клиникалык сыноодон өткөрүү иштерин уюштуруу боюнча сүйлөшүү болду.

Министрлик билдиргендей, эгер клиникалык сыноолордун бардык этабы ийгиликтүү өтсө, Өзбекстан вакцинаны төмөн баада сатып алган биринчи өлкө болуп калат.

Клиникалык сыноо 18 жаштан жогору ыктыярчыларга жүргүзүлөт. Сыноонун алдында кытайлык адистер эмдөөнүн шарттары тууралуу бир катар окууларды уюштурушат.

29-сентябрда өзбек өкмөтү коронавирус вакцинасын тестирлөө боюнча кытайлык эки компания менен келишимге кол койгону белгилүү болгон.

Өзбекстан орусиялык компанияларга да орус вакцинасын биргилекте сыноо жөнүндө сунуштама берген.

25-сентябрда Орусиялык түз инвестициялар фонду менен Өзбекстанга 35 миллион доза Sputnik V вакцинасын жөнөтүү боюнча келишимге кол коюлганы жарыяланган.

Маалыматка караганда, вакцинанын 10 миллион дозасы Өзбекстанга 2020-жылы, 25 миллион дозасы 2021-жылы жөнөтүлөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: