Menu

Экс-премьердин классташы Шейшенкул Бакиров кыргыз спортунун душманыбы?

Бөлүшүү:

Өзүбүздө быйыл спорт тармагы үчүн күчтөнүп иштей турган убак. Бразилияда олимпиада өтөт, Көчмөндөр оюну да келе жатат. Бирок биздин спорт агенттик азырынча кыймылдап иш кылганы көрүнбөйт. Жетекчиликке да илең-салаң кыймылдап, ушул убакытка чейин деги эле жарытылуу бир иш кылбаган Шейшенкул Бакировду алып келип коюшуп ого бетер абал тереңдеп кетти. Жоругу жомок болгон Бакиров буга чейин ким болгон? Кандай кызматтарда иштеп, жумушунан кантип куулган? Азыркы спорт агенттигинин абалы кандай? Кадр тармагы кандай болуп жатат? Күрөш килемин сатып алабыз деген 7 миллион сомдун дайын дареги кайда? Былтыркы өткөн Көчмөндөр оюнунда канча миллион сом  туура эмес эсептелген. Мунун баарын изилдеп көрдүк. Балким бюджеттин акчасын оң солду чачып жыргап жаткан жетекчилердин кандай иштеп жаткандыгын жогору жактагылар биле бербесе керек.

Шейшенкул Бакиров ким эле?

Азыркы Дене-тарбия жана спорт агенттигинин директору Шейшенкул Бакировдун өткөн изине баам салып карап көргөн киши учурдагы  кызматына деги эле ыраа көрбөйт. Балким ал бул кызматка олтурбайт беле.  Ойдо жок жерден Кудайдан болуп  премьер-министр Темир Сариевдин спорт интернатында чогуу окуган классташы болуп калып, маңдайы ачылып майлуу-сүттүү кызматка илинип калды. Мындан сырткары азыркы президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси, экс-президент Курманбек Бакивдин убагындагы  өкмөттүн аппаратынын жетекчиси болуп иштеген, Шейшенкул Бакировдун  классташы  Коёналиев Турусбектин да буз кызматка келүүсүнө жардамы чоң болуп кетти окшойт.  КУУнун тарых факультетин бүтүргөн, базалык билими жок Шейшенкул мырза башында дал ошол өзү окуган спорт интернатына машыктыруучу болуп ишке орношот. Бирок “жүз граммга” машыктырган каарманыбызды иштен алып ыргытып көчөдө калтырышат. Кайра дагы тааныштарды салып спорт мектептердин бирине машыктыруучу болуп иштеп калат. Бирок спортсмендерди эмес өзүн бир жерде дагы майын чыгарып иштебей, баарынын ашмалтайын чыгарып кеткен экен. Алыс кетпей азыркы кызматына келгенге чейинки  шаардык спорт тармагын жетектеп тургандыгына токтоло кетели. Шейшенкул Бакиров жетектеген шаардык спорт тармагында 2010-жылда келген. Мурдагы шаардык спортту жетектеп турган адамды кантип кызматтан кетиргени боюнча да жүрөк титиреткен окуялар  айтылып жүрөт. Ал иштердин баары артка кетип,  Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Бакировду иштен алып койордо заман алмашып кетип кызматтык өсүш жасап кетти. Себебин жогоруда айттык. Баарынан жан кейиткени шаардагы жалгыз “Дельфин” бассейнин жок кылып салып, оңдоп түздөөгө керектеле турган 15 миллион сом  акчанын да дайыны жок калган. Шейшенкул Бакиров жетектеп турганда шаардык спорт тармагында бир дагы өспүрүм олимпиада оюндары бул жакта турсун, Азия оюндарында медаль алган эмес. Тескерисинче иштен баары артка кеткен. Спорттук база, акча, күчтүү кадрлардын баары шаардык спортто болсо да бир дагы медаль алууга жетишкен эмес. Шаарга келгенче жада калса батири жок Шейшенкул мырза спорт тармагын жетектээри менен эки кабат үй салып, “Джип” үлгүсүндөгү машине айдап калган. Кайсыл акчага? Бизнеси жок, жалаң айлык менен жашаган адам кантип мынча байлыкка ээ боло алат? Аны менен токтоп калбай экинчи жубайында да заңгыраган үйлөрдөн белек кылган экен. Кайсыл акчага алып берди? Же бизнеси барбы? Же мамлекеттин акчасын тоноп жатабы? Эми бул жагын УККнын кызматкерлери каттуу текшерип, дыкат изилдеп чыгат деген ойдобуз. Адал акчага алса бир жөн, мамлекеттин акчасына алса токтоосуз камалуусу зарыл. Мындай иштерине ичи чыкпаган Мурат Саралинов дагы мэрге  кирип, кызматтан кетирүүнү көздөп жүргөн. Тилекке каршы жарык дүйнө менен коштошуп кетти.

Кадрлар же күрөш килемин ала турган 7 миллион кайда кетти?

Былтыркы чуулгандуу Көчмөндөр оюну бүтөөрү менен ызы-чуу кошо башталган. Көчмөндөр оюнунда жетекчилик кылган оюндун сметасына Алмазбек Касенов  11 миллион сом ашыкча акча жазып коюп, териштирүү иштери бүгүнкү күнгө чейин уланып жатат. Андан тышкары 14 миллион сомго дагы ушунча жумуш аткарылды деп кол коюп берди. Президенттин фондунан  көк-бөрүчүлөр үчүн бөлүнгөн 1миллион сом дагы  тийешелүү жактарга араң дегенде таратылып берилген. Афган көк-бөрүчүлөрүнө 80 миң сом жетпей калып, уруш-талаш менен бөлүнүп берилгенин айтып жүрүшөт. Көчмөндөр оюну көп кемчиликтер менен өтүп, катышуучулар  айрым өлкөнүн өкүлдөрү кетебиз дегенге чейин барышкан. Бул да Алмаз Касеновдун кесепетинен болгон. Айта берсе Алмазбек Касеновдун жоругу түгөнбөйт.  Жада калса Чолпон-Ата шаарындагы   ат майданды сапатсыз жасап коюп сот жообуна тартылып жаткандардын бири Мергенбаев Эркин деген жигитке Спартак стадионун кичи аренасын 35 жылга ижарага берип жиберген. Спорт агенттик соттошуп жатып кайра тартып алганына аз эле убакыт болду.   Соттошуп талашып жатканда мамлекетке канча чыгым келди экен? Мунун дагы чындыгы чыга турган убагы  бүгүн болбосо эртең келээр. Бакиров мындай мандемдүү кызматкерди дагы  кызматка алды. Албетте, Доорбай Миңбаев иштей алган жок. Доорбай Миңбаев менен Усенкан Майназаровдун  өз арызы менен кызматтан кетиши дагы  түндүк-түштүк деген трайбализимдин айынан болду. Түштүктүн жигиттерин кызматтан алуу иштери тазалоо акырындап жүрүп жаткандай.  Бирок, андан башка деле татыктуу талапкерлер көп эле да. Күрөш килеми сатылып алынат деген 7 миллион сомдун азыр отчётун алган же берген киши жок. 25 даана Москвадан келе турган  күрөш килемдерине которулган 7 миллион сом акчанын 5 миллионуна Кыргызстанда эле жасалган, сапатсыз, курулуш тармагында колдонулган  жыгачтардан жасалган, ичинде поролон төшөлгөн  шумдуктай килемдерден 25ти алып келип коюп коюшкан. Калган 2 миллион сом кайда калды, белгисиз. Же спорт агенттиктин  бухгалтериясында турабы?  Аны да бир Кудай билет. Ушундай кылыктары бар адамды бакыйган спорт агенттиктин башына кою өзү акылга сыябы?

“Сен мага тийбе, мен сага тийбейм…”

Беш жыл иштеп, көзгө көрүнө турган бир иш кылбаган Бакировдун эми андан да жогору тармакка келип алып иш кылаарынан күмөнүбүз бар. Учурда  реформа кылууга ниети жок “сен мага тийбе, мен сага тийбейм” –деген принцип менен жашап жатышат. Спорт тармагына бөлүнгөн олчойгон суммаларды бери жактагы шылуундар каалагандай калчап, тоноп жатышат. Талап койгонду билбеген, колу таза эмес жетекчи кантип чоң тармакты башкара алат. Спорт мектептерде качанкы 20 жыл мурун бүтүп кеткен балдар  жүрүшөт.  Мурдагы шаардык спорт тармагын жетектеп турганда иштебеген машыктыруучулардын тизмесин кошуп алып, айлык жаздырып койгон жоругу да айтылып жүрөт. Деги муну текшерген жан барбы?

Спорт ордосу дагы өзүнчө жомок

Эдил Касенов деген популист, мактаганды жанындай сүйгөн, кошоматчылыкты катырган жигит Спорт ордосуна жетекчи болуп келээри менен иш алдыга жылгансыган. Журналисттерге “мамлекеттен бир тыйын албай туруп ушундай иштерди жасап жатам” деген курулай популизимин айтып келген. Ырас Спорт ордосу оңолду, олтургучтар жаңыланды, коридорлор тазаланып, көркүнө келди. Өзү айткандай “мамлекеттен бир тыйын албаса”  иш чаралардан  түшкөн акчалар кайда кетти? Бирок анын баарын Касенов жалгыз жасаган жок да. Кудайдын куттуу күнү куру эмес концерттерден түшүп жаткан акчалар кайда кеткенин сураган киши жок. Шейшенкул Бакировдун кебетеси ушул болсо  кантип акчаларды сурап алат?

Аралашкан Ысык-Көл оюндары

Маркум Мурат Саралинов, кийинки жетекчилер дагы мамлекеттен бир тыйын сурабай жеке каражаттарын таап “Ысык-Көл” оюндарын өткөрчү. Бюджеттин акчасын үнөмдөп калалы деген аракеттер дагы талкаланып Шейшенкул Бакировдун  убагында олчойгон суммада акча коротулуп өткөргөн. Эл аралык оюндар дүйнөлүк тактика боюнча оюнчулар төлөп келишет, спорт агенттиги жөн гана оюнду уюштуруп берип коюшат. Былтыркы өткөн “Ысык-Көл” оюндардында мамлекеттин акчасына гүлдөп, Шейшенкул Бакиров аппарат кызматкерлеринин баарын, анысы аз келгенсип аялын, кызын ээрчитип барып  жыргап келишиптир. Маалымат жагын тейлөө кызматкерлери жана тийиштүү адамдар гана барыш керек эле да. Жалпы аппарат кызматкерлеринин ал жерге эмнеге ээрчитип барды экен, түшүнүксүз. Ич күйдүүлүк деле жок. Бирок бюджетке акча таппай мамлекет карайлап турганда ушундай чыгымдардын кереги бар беле?  Же премьер-министрдин классташымын деп мамлекеттин эсебинен жыргай берүү керекпи?  Андай мүмкүнчүлүктү Шейшенкул мырзага ким берди? Классташыбы…?

Агынан жарылган Гүлмира Кудайбергенова

Жыл башында өкмөттүн социалдык бөлүмүн жетектеген Гүлмира Кудайбергенова атайын коллегиялык жыйын өткөрүп “Спортту алдыга жылдырыш үчүн спорт агенттик эч нерсе кылбай жатат. 2014-жылы Эл аралык мелдештерде 300гө жакын медаль алсак, 2015-жылы 230 медал алдык. Эң коркунучтуу нерсе олимпиададан бир дагы медаль алган жокпуз.  Жылына 32 миллион сом спортчуларга стипендия бөлүнөт. Андан сырткары 200 миллион сомго жакын акча мелдештерге кетет. Бирок жыйынтыгы кана?” –деди. Туура айтты, жыйынтыгы жок. Жада калса жакшынакай ачылып иштеп жактан медициналык борбор дагы Бакиров кызматка келээри менен күм-жам болду. Медициналык борбор  спорт тармагына өтө керек. Спортчу эмне тамак жеп жатат, каны кандай? баарын карап турчу борбор жабылды да калды. Спортчу жигиттердин убалы кимге? Ушунча акча коротуп жанталашып жаткан мамлекеттин  ишеничи кана? Же өзүм билем өтүгүмдү төргө илем деген Бакиров ушунчалык эле түшпөс хан болуп калганбы? Фармокология менен  илим комплекс бригадасын дагы жок кылды. Курама командалар менен биргеликте күнү-түнү иштей турган команда бүгүн жок.  Спортчулардын убалы кимге? Бакиров ошончолук кыргыз спортунун душманыбы?

500 киши чакырылган той

Шейшенкул Бакиров шаардык спортту жетектеп турганда өзүнүн 50 жылдык кечесин борбор калаадагы кымбат ресторандардын бирине 500 киши чакырып белгилегени менен дүң этти. 500 киши, элестетиңиз, миң сомдон эсептегенде эле 500 миң сом кетет. Тойдун чыгымдары баарыбызга эле маалым. Кымбат ресторандарда 500 миң сом тиш чукур да болбой, миллион сомдорду чапчып кетет. Жылкысы, биринчи экинчи тамагы, келген конокторго байгелер жана башкалар болуп атып көп акча коротоорун угуп эле жүрөбүз го. Бирок эч бир ишкердик иши жок, же бир кымбат акциялар менен иштебеген, 10 миң сомдон ашпаган айлыкка 500 миңди кантип чогултту экен? Күч органдары, текшерүүчү органдар спорт тармагын каратып туруп талап тоноп аткан адамды текшерип койсоңуздар ашыкча болбойт эле. Муну менен эле Бакировдун кылыктары токтоп калбайт. Учурда  спорт агенттигин эсептөө палатасы текшерүү жүргүзүп жатат. 1 миллион 812 000  сом  кассадан жетишпей чырдашып жатканы маалым болду. 5 ай иштебей жатып ушунча акча  жок болуп кетсе, Шейшенкул Бакиров дагы жарым жыл иштегенде кандай акчалар тонолуп кетет? Адам ойлонгондон да коркосуң. Дагы изилдеп көрөбүз. Шейшенкул Бакиров кызматка келгенден бери спорт тармагы чырдын гана үстүндө жашап жатышат. Спорт интернатындагы балдардын согушу, кызматкерлердин жоопко тартылуусу жана башкасы дагы бул кишини кызматынан солк эттирип койгон жок. Премьер-министр бул жатта чогуу окуган классташын кыя албай көз жумуп жүрүп кызматынан кетти. А спорт тармагынын  күйөрмандары, мунун баарын угуп билип турган кишилер кантип жатты экен? Ушуну премьер-министр ойлонуп койсо жакшы болоор эле.

Кылмышкерлер кызматка келе баштады

Шейшенкул Бакиров 2015-жылдын аягында керектөөчүлөр үчүн атайын тендер өткөрбөй туруп 7 миллион турган буюмдарды өзү каалагандай сатып алып койгон. Муну териштирген бир да орган жок. Керек болсо жогорудагы кылыктары үчүн деле  кызматтан кете турган Шейшенкул Бакиров учурда кызматын ээлеген бойдон олтурат. Туура алдыда олимпиада келе жатат. Бирок бизден күчтүү спорту өнүккөн Бразилия, олимпиада өтө турган мамлекетте деле спорт министрин болбогон күнөөсү үчүн алып салды. Же Шейшенкул Бакиров ушунчалык эле табылбай турган кадрбы? Баса, жакында эле Ысыралиев Төлөсүн олимпиадага кайра даярдоо мектебине директору кылып алып келди. Мурат Саралинов жаратпай кызматтан алып салган бул кадрдын көрсө тирөөчү Жогорку Кеңештин депутаты экен. Кылмыш дүйнөсүнө аралашып жүргөн адам балдарыбызды олимпиадага чейинки мектепке даярдап жатса жыргаган экенбиз. 2015-жылды жыйынтыктап жатып Шейшенкул Бакиров ресторанга олимпиадалык балл өткөргөн. Спортчуларга акча жетпей жаткан учурда миллион сомго балл өткөрүп көңүл ачуунун зарылдыгы бар беле? Муну ойлонгон киши барбы?

Булак: “Жаңы Ордо”

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: