Тажикстандын соту өмүрлүк жарын “кыз эмес” деп айыптаган жаранды жоопкерчиликке тартып, 600 сомони төлөөгө милдеттендирди. Муминабад шаарчасынын тургуну, 21 жаштагы Мадина Хаким “кыз эмес” деп айыптагандыгы үчүн күйөөсүн сотко берди. Соттук медэкспертизадан өтүп, моралдык зыян келтиргендиги үчүн 10 миң сомони (1270 долларга жакын) кенемте төлөөсүн талап кылды. Бирок сот жооп берүүчүнүн материалдык абалын эске алып, аны 600 сомони (76 долларга жакын) өлчөмүндө айып төлөтүү туурасында чечим кабыл алды.
Расмий маалыматтар боюнча 2015-жылы республикалык соттук медициналык экспертиза борборуна кыздыгын аныктоо үчүн 600 арыз келип түшкөн. Адатта мындай арызды жаңы турмушка чыккан жана “кыз эмес” деп айыпталган келинчектердин ата-энелери беришет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ