Menu

Мухаммедкалый Абулгазиев чек арадагы абал менен таанышты

Бөлүшүү:

Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев 12-майда Токмок жана Кең-Булуң көзөмөл өткөрүү жайларынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Абулгазиев абалды көрүп чыгып, тиешелүү органдарга жолдорду оңдоону, жаан-чачын мезгилинде унааларды текшерүүчү бөлүмдөрдүн шартын жакшыртууну тапшырды. Токмок көзөмөл өткөрүү жайынан эки тараптын жарандары жана жеңил унаалар өтөт. Элдин агымы дем алыш күндөрү күчөйт. Чек ара кызматкерлери алдыдагы туристтик сезонго карата Ысык-Көл аймагына Казакстандын жарандары көп келерин билдирди.

Андан соң, биринчи вице-премьер-министр Кең-Булуң көзөмөл өткөрүү жайына барды. Чакан өткөрүү жайдын абалын сынга алып, чар-жайыт курулган имараттарды иретке келтирүүнү тапшырды.
«Биринчи кезекте документтерди текшерүүчү бөлүмдүн үстүн жаан-чачын тийбегендей кылып тосуп, жолдорду оңдоп, унааларды өткөрүүчү шлагбаумдарды жаңыртуу зарыл. Бул жерде турган чек арачылардын кийиминен баштап иш тажрыйбасына, билимине чейин кылдат көңүл буруу керек. Булар мамлекеттин жүзү. Андыктан сырттан келген жарандарга бир караганда Кыргызстан тууралуу жакшы пикир калтыргандай болушу кажет»,-деди Абулгазиев.
Мындан сырткары тиешелүү органдарга казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ортодогу көпүрөнү оңдоп чыгымдарын эки мамлекет бирдей төлөй тургандай чечимге келүүнү тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: