“Кыргызстанда коррупция бийликтин баардык эшелонунда болуп көрбөгөндөй өстү. Баары акча жасамайга эле өтүп алышты. Ал эми Атамбаевдик бийликтин коррупция менен күрөшү Чеченстандагы террористтердин адамдарды барымтага алып, акча тапмайына эле окшош болуп калды”, – деп билдирди саясат талдоочу, тарых илиминин кандидаты Табылды Акеров кечээ, 12-майда “Элдик парламенттин” форумунда чыгып сүйлөп.
“Бийлик коррупционер деп бирөөлөрдү камап коёт да анан акча күтүп жата берет. Камалган кишилердин жакындары бийлик менен сүйлөшүп, соодалашып, сураган акчасын бергенден кийин бийлик камалган кишини чыгарып жиберип жатат. Бул мамлекеттик бийлик жасай турган иш эмес да. Бул Чеченстанда акчасы бар кишини террористтер барымтага алып, анан ал кишинин жакындары келип, чоң акчага сатып алып бошотуп кеткендей эле болуп калды”, – деди саясат талдоочу Табылды Акеров.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ