Menu

Икрам Илмиянов Лейлектеги жетекчилерге кысым көрсөтүп жатат

Бөлүшүү:

Март айындагы шайлоодо эл өкүлдөрү болгон жергиликтүү кеңештин депутаттары 120 добуш менен Бекмуратов Баймурат Асатовичти Лейлек районунун акимине шайлашат. Шайлангандан кийин 15 күндө кечигип өкмөттүн жарлыгы чыгып, азыркы мезгилде аким болуп иштеп жатат. Бекмуратовдун аким болгондон кийин ошол мезгилдеги Исфана шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы, КСДПнын мурдагы мүчөсү Алмаз Рахманкуловго катуу кысымчылык көрсөтүлөт. Алмаз Рахманкулов 2009-жылдан баштап Исфана шаарындагы аэропортту жетектеген. 2011-жылдан 2016-жылдын апрелине чейин Исфана шаардык кеңешинин төрагасы болгон. Ал үстүбүздөгү жылы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысын шайлоодо Икрам Илмияновдун адамы Жамалдин Эшенкуловду эмес Баймурат Бекмуратовду колдогону үчүн Илмияновдун “кара тизмесине” илинип калат. Азыр Рахманкулов менен бирге КСДП фракциясынын депутаты Исаев Тилектешке, райононун жетекчисине, ошондой эле ал аз келгенсип бүгүнкү күндө Сүлүктү шаарынын мэри Закир Арзыбаевдерге дагы кысым күчөп куугунтукталууда.
Икрам Илмияновго президенттин кеңешчиси болуп туруп өзүнүн районуна “аватизм” деген хандыкты орнотууга ким укук берди? Конституциянын кайсы жеринде бар экен бул берене? Элдерди уруу-урууга бөлүп, өзүнүн уруусун бийик коюуга мыйзамдагы кайсы берене укук берет, айтсын элге. Качан токтотот жакшы кадрларды куугунтуктаганды. Урматтуу ажо, сиз ушуга окшогон өзүнүн мурдунан алысыраакты карай албаган деңгээли шоопурдук деңгээлден өйдө боло албаган кеңешчиден качан арыласыз?.. Эгерде сиз Илмияновду өтө сыйласаңыз ал элди тебелеп-тепсеп, 1937-жылкы репрецияга кабылтууга жакын барып калды. Бир жарым жылдык президенттик мөөнөтүңүз тынч өтсүн десеңиз Илмиянов элге болгон кысымын токтотсун. Мунун арты жаман. Илмияновго окшогон элдин жакшысын жаман деп, жаманын жакшы деп көрсөткөн жан-жөөкөрлөрдүн айынан азыр эки президент качкын болуп элин, жерин көрүүгө зар болуп жүрөт. Эсиңиз барда этегинизди жыйып, деңгээли төмөн Илмияновго окшогон кадрлардан арылыңыз. Биздин азыркы акимибиз Бекмуратов Баймурат шайланган күндөн тартып элдин ар кандай маселесин тез арада чечип, элге жагып жатат. Элге жаккан акимди тоскоолчулук кылбай жайына койсун.
Элдин үнүн жеткирген Калдарова Роза, Лейлек району

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: