Абактан 60 млн. сом айып пул тартып аман-эсен чыккан экс-мэр Нариман Түлеев Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевди катуу бутага алып туру. Ал атайын маалымат жыйынында өзү УКМКга камалаары менен эле Данияр Нарымбаевдин кайра-кайра СИЗОго келгенин, эч чакырбаса деле президент менен ортого түшүп берээрин сунуштап, кийинчерээк үй-бүлөсүн ачык эле коркутууга алганын, аягында “Жакында Жогорку соттун судьясы болом, ошондо таарынба” деп эскертүү бергенин айтып чыкты. Ал эле эмес “Нарымбаев камалган соң бир нече жолу бизден алган 50 миң долларын кайрып берээрин айтып жалдырады”, – деп билдирүү жасады.
Албетте, бул жөнөкөй эле былжырак сөздөр эмес. Эгер соттор чындап эле бул жагдайларды эске ала турган болсо, Данияр Нарымбаевдин абактан жакында чыгышы күмөн болуп калды көрүнөт…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ