Menu

Тандем кайра күчүнө киреби?

Бөлүшүү:

Тандемдин мандеми бар экенин далай ирет жазганбыз. Илгери Кулов менен Текебаев тандемге келип анын “жемиши” даамдуу болгон эмес. Андан кийин да нечендеген тандемдер жанданган. А. Мадумаров менен А. Салымбеков да тандемдешип акыры бири-бирин көргүсү келбей калды. Анткени түштөн кийин чагымчылар пайда болуп тандемдештерге таш ыргыттырууга чейин жагдай түзүп коюшат. Ынак жүргөн эки үлкөн достун тандеми да ыдырап кетип, эми сөгүлгөн тигиштерин жамай албай аргалары кеткени деле чын.

Ал эми Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабановдун тандеми болсо 2015-жылы куралган. Тилекке каршы Камчыке парламентке илинбей калып, кыйла кыжаалат болуп жүрдү. Президенттик шайлоодо болсо досуна каршы чыгып, азыркы президенттин жанында салабаттуу басып калганын жалпы журт байкаган. Бирок, анын үмүтү акталбагандыктан кайра эски досуна жармакташып оокат кылууга чындап өткөнүн мурда күнкү өткөн пресс конференцияда коомчулук көрдү. Ал тургай биздин тандем күчүндө эле калат деген тыянагын чыгара салды. Саясаттын сырлары көп эмеспи, андыктан окуянын мындай өнүгүшүнө таң калуунун кереги жок. Ошентсе да кызылды көрсө кыя өтпөгөн Турсунбек Акун буларды чымчылап өттү, эй тынч элесиңерби дегенсиген аргументтерин жая салып. Дегинкисинде саясатта жүргөндөр оома болорун көрө берип көзгө тирсек деле чыкпай калбадыбы, туурабы? Анын сыңарындай ушул жолку тандем ылайым бекем болсо экен. Себеби, акыркы жылдарда Ташиевдин жолуна “кара дуба” окулгандай абал пайда болду. Бабановдун келери же келбеси боюнча дөдөмөлдү аныгы такталгандан кийин айталы. Болбосо чабал өрдөк мурда учат деген сыпаттамага ээ болуп калышыбыз ыктымал. Анткени менен бир жарым жылдан бери талаалап кетип, туулган жерин сагынган Өмүкенин НТСте берген курч маеги айрымдардын жүрөгүн лакылдатып жиберди.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: