Кыргызстандын Эсеп палатасынын башчысы Улукбек Марипов Бишкек ТЭЦинин курулушу боюнча иликтөөгө жетишсиз болуп жаткан айрым документтерди Кытай тараптан сураганы жатканын жар салды. Ал өз сөзүндө: “Кытайлык ТВЕА компаниясы абдан мыкты, ири компания. Бирок биз алардан өзүбүзгө керектүү документтерди ала албай жатабыз. Ошондуктан Кытайдын улуттук аудит офисинин өкүлчүлүктөрү менен эки тараптуу жолугушууда мен Бишкек ТЭЦинин эки тараптуу курулушу тууралуу суроону талкуулайын деп жатам” – деп билдирди. Учурда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жогорку аудиттик жетекчилеринин жыйыны өтүп жатат. Анын алкагында Улукбек Марипов Кытайдын Улуттук аудит офисинин башчысы Ху Зеджун менен жолугушуусу да пландалган.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ