Бишкек шаардык соту Даниэл Ажиевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде журналисттерге Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ажиевди буга чейин Биринчи май райондук соту СИЗО-1ге 2 айга отургузган.
30 жаштагы Ажиев 26-мартта кармалган. Ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (“Расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу (араздашуу)” боюнча айып тагылган.
“Социалдык тармактарда жарандардын ар-намысына шек келтирген билдирүүлөрү талкууланып, ар кандай реакцияларга жана кыжырданууга себеп болду. Жек көрүүчүлүктү жана кастыкты тутандырган мазактоочу сөздөр жана коомдук терс сөздөр айтылган”, – деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ