Menu

Той-топурларды өткөрүүгө эми чектөө киргизилет

Бөлүшүү:

13-майда өткөн Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасында салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке салуу жөнүндөгү» мыйзам долбоору каралып, 1-окууда жактырылды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай демилгенин башында депутаттар А. Салянова, Ө.Текебаев, А.Шыкмаматов, С.Нышанов, Р.Момбеков, Д.Бекешев, Э. Токтошев турат. Алардын атынан мыйзам долбоорун жактап, анын маани-маанисин түшүндүргөн депутат А. Салянованын айтымында, шаан-шөкөт менен коштолуп, ири чыгымдарды алып келген той-топурларды өткөрүүгө эми чектөө киргизилет. Сунушталган эсеп боюнча чакырылган меймандардын эсеби 100дөй болушу мүмкүн, бирок 400-500гө чаап кетпесин деп жатабыз,- дейт демилгечи. Ошондой эле ал антпесе, акыркы мезгилде той өткөрүү жөнсүз мелдешке айланып кеткендигин белгиледи.

“Ысырапкерчиликке жол бербеген туура, бирок, улуттун менталитетинде алыш-катыштары көп болсо, бирин чакырып, бирин таштап койгон туура болбой калат го? Мүмкүн чакырыла турган коноктордун эсебин 100 деп чектегенибиз ылайыксыз болуп калбайбы?”- деген суроону депутат Т.Икрамов жолдоду. Демигечи бул багытта келип түшкөн сунуштарды талдап көрсө боло тургандыгын билдирди.

Ал эми депутат Жанар Акаев “Той берген киши өз алына жараша той уюштурганы менен, ага бара турган меймандардын той-артынан тойлорго бара берип, мугалимдерге окшоп аз маяна алгандардын айлыктары айдан-айга жетпей калгандары бар?! Андыктан, той ээлеринин эле жагдайына көңүл бура бербей, ага бара турган тараптардын дагы чөнтөгүнө канчалык оорчулук келип жаткандыгын карап көрүшүбүз керек.Ошондуктан, талкуудагы мыйзам долбоорун мен колдоого чакырат элем”,- дейт.

Депутат Наталья Никитенко дагы “Ашыкча чыгымдарга жол бербөө жагынан саясый элита өзү үлгү көрсөтүшү керек. Коомчулук дагы ушундай кадамды күтүп турат” деген оюн ортого салды.

Жыйынтыгында «Кыргыз Республикасында салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке салуу жөнүндөгү» мыйзам долбоору комитет мүчөлөрүнүн жактыруусуна ээ болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: