– Өзүңөр көрүп жаттыңыздар. Улам ар кайсы маселени көтөрүп чыгып жатты. Мунун баары негизинен мага карата басым болгондой болгон. Ошонун негизинде, мындан ары ырбатып, жаңы гана иретке келип жатканда тирешүүлөр болбосун деп, эгерде маселе ошол эле премьерлик болсо анда кызматтан кетейин, бирок тендер боюнча чындыкты аягына чыгарып коёюун деген чечим кабыл алдым. Мен акыркы убактарда кетеримди сезе баштадым. Фракция жетекчилери, көпчүлүк коалиция менен да сүйлөшүп жаттым. Шарт ушундай болуп калды, – деди экс-премьер Темир Сариев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып.
Эске салсак, 12-майда Жогорку Кеңеште Балыкчы-Корумду автожолу боюнча өткөрүлгөн тендердин мыйзамдуулугун иликтеген депутаттык комиссиянын иши каралып, ага экс-премьер Темир Сариев менен мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев чакырылган эле.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ