14-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Элдик-патриоттук кыймылынын” лидери Нурлан Мотуевдин баш коргоо чарасын карап, аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, Мотуев 12-майда “Элдик парламенттин” борбор калаада өткөн жыйынына катышып, өлкөгө шариат закондорун киргизүү тууралуу сөз сүйлөгөн. Ал эми 13-майда Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери “терроризмге ачык чакыруу” жана “улут аралык, аймактык кастыкты козутуу” беренелери боюнча кылмыш иш козгоп, кармап кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ