14-май күнү Жалал-Абад облусунда “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү жашаган 5 үйдө тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда операция учурунда 5 китеп, 19 видео дисктер, 2 ноутбук, 36 даана 16 калибрдеги ок атуучу куралдын ок дарысы, 1 травматикалык тапанча далил буюм катары алынып, чогултулган материалдар Жалал-Абад ШИИБнин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Акыркы убакта Жалал-Абад облусунда түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 7 адам бул мыйзамсыз уюмдун мүчөлүгүнөн өз эрки менен чыккан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ