Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда 17-майдан 19-майга чейинтүнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы төмөндөп 18-19-майда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 12…17°, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 15…20°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймагында 10…15°, тоо этектеринде 9…14°, тоолуу райондордо 0…5° жылуулукка чейин болушу күтүлөт. 19-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 4…9°, Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде 2…7° жылуу.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
20-майга чейин аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ